Сатыбеков Мунарбай Сыйнатович
Көрүнүш
Сатыбеков Мунарбай Сыйнатович (1949-ж.т., Аксы району, Кара-Суу айылы) - Кыргыз Республикасынын эмгек синирген экономисти (2008), райондун ардактуу атуулу.
- Фрунзе финансы-экономикалык техникумунун (1971), Кыргыз айыл чарба институтун экономика факультетин (1990) бүткөн.
- 1967-69-жылдары Таш-Көмүр көчмө механизациялаштырылган колоннасында жумушчу, Жаңы-Жол районунун Караван ремонттук курулут участогунда жумушчу,
- 1971-80-жылдары Ала-Бука райондук статистика бөлүмүндө улук инспектор, жетекчисинин орун басары,
- 1980-88-жылдары Чаткал райондук статистика бөлүмүнүн башчысы,
- 1988-89-жылдары “Беш-Арал” аарычылык совхозунун партиялык уюмунун катчысы, башкы эсепчиси,
- 1989-2010-жылдары Чаткал райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн жетекчиси,
- 2011-12-жылдары адиси болуп иштеген.
- Кыргыз Республикасынын “Ардак грамотасы” (1999) менен сыйланган.
- СССР “Социалисттик учеттун отличниги” (1982), Кыргыз Республикасынын статистикасынын отличниги (1997).
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6