Сатымбай Абдырахман уулу

Википедия дан

Сатынбай, Абдырахман уулу (туулган-өлгөн жылдары белгисиз) – Абдырахман Кучак уулунун уулу; Атаке баатырдын Россияга жиберген экинчи элчилигинин башчысы. 1786-ж. декабрда орус императрицасы Екатерина IIнин кабыл алуусу аяктагандан кийин, элчиликти жетектеп барган Абдырахман ооруп калган. Ооруунун создугуп кетишине байланыштуу орус бийлиги Атаке баатырга алдын-ала жооп берүүнү чечкен. Кыргыздарга жооп кат 1787-ж. октябрда, башында М. Агаферов турган казандык көпөс А. Нурмаматовдун кербени аркылуу жиберилген. Катта Екатерина II ошол мезгилдеги дипломатиялык эрежени сактоо менен сылык жооп берген. Катты алгандан кийин Атаке баатыр 1788-ж. жайында Сатынбай башында турган экинчи элчилигин аттандырган. 2-августта аларды Омск шаарында Сибирь корпусунун командири (1777–89) генерал Н. Г. Огарёв кабыл алган. Бул учурда жолдо келе жаткан жеринен көпөс А. Нурмаматовдун кербени тонолгону тууралуу кабар жетип, ага Атакенин уулдары Солтоной менен Байшүкүрдү күнөөлөгөн орус бийлиги Сатынбайды жана Петербургдан кайтып келаткан атасы Абдырахманды кармап калган. 1889-ж. Атаке кайрадан кат жиберип, уулдары ак экенин билдирген жана Сатынбайга алмаштыруу үчүн орус көпөстөрү Раимбай менен Нияз Сеитовдорду туткунга алган. Акырында орус кербендерин тоногондор казактын Орто жүз уруулары экени аныкталып, 1793-ж. жазында Сатынбай бошотулган. Кийинки тагдыры белгисиз.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз тарыхы энциклопедиясы.-Б.,2003
  • Асанканов А.А., Осмонов О.Ж. Кыргызстан тарыхы.-Б.,2003.
  • Чороев Т.К., Урстанбеков Б. Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы. Кыскача энциклопедиясы.-Фрунзе,1989.