Сауд риялы
| Сауд риялы (кырг.) | |||
|---|---|---|---|
|
Saudi Riyal (аңгл.) | |||
|
| |||
| Коддор жана белгилер | |||
| ISO 4217 коддору | SAR (682) | ||
| Символдор | ﷼ • .ر.س • SR | ||
| Жүгүртүү чегарасы | |||
| Эмитент | |||
| Туунду жана параллелдүү бирдиктер | |||
| Бөлчөктүү | Халал (1⁄100) | ||
| Жүгүртүүдөгү банкноттор жана монеталар | |||
| Монеталар | 1,5, 10, 25, 50, 100 халал 1 жана 2 риял | ||
| Банкноттор | 5, 10, 50, 100, 200 жана 500 риял | ||
| Тарыхы | |||
| Киргизилди | 1928-жыл | ||
| Банкноттор жана монеталар өңдүрүшү | |||
| Эмиссиялык борбор | Сауд борбордук банкы | ||
| www.sama.gov.sa | |||
| Курстар 10 Апрель 2015-жылга көрсөтүлгөн | |||
| 1 KGS | = 0,0585 SAR | ||
| 1 USD | = 3,75 SAR | ||
| 1 EUR | = 3,964 SAR | ||
| 1 GBP | = 5,484 SAR | ||
| 1 JPY | = 0,03112 SAR | ||
| Курстар ЭВФ, ЕББ жана КРУБ маалыматтары боюнча автоматтык түрдө жаңыртылып турат. | |||
| 2023-жылдык инфляция | |||
| Инфляция | 1,7 % (сентябрь)[1] | ||
Сауд риялы — Сауд Арабия падышалыгынын расмий акча бирдиги. ISO 4217 стандарты боюнча тамга коду — SAR, сандык коду — 682. Расмий белгиси — SR, эмитенти — Сауд борбордук банкы. Бир сауд риалы 100 халалдан турат.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Араб жарым аралында, азыркы Сауд Аравиясынын аймагында падышалык түзүлгөнгө чейин Осмон империясынын акча бирдиги жана негизинен Мария Терезанын талери колдонулган. Ошондой эле Индия рупийи да жүгүртүлгөн.
Сауд Арабия падышалыгы негизделгенден кийин, Сауд риалы расмий улуттук валюта катары киргизилген. Башында бул валютанын монеталары күмүштөн жасалган.
1950-жылдары мунай өндүрүшү өскөндөн кийин, риал алтынга байланган. Бул мамлекеттин экономикалык күчү өсүп жатканын көрсөткөн.
1986-жылы Сауд Арабиясы өз риалын АКШ долларынын курсуна байлоо чечимин кабыл алган. Бул курсту бекитүү $1 = 3,75 сауд риалына барабар деп белгиленген жана ал азыркыга чейин дээрлик өзгөрүүсүз колдонулуп келет. Бул режим негизинен өлкөнүн финансылык туруктуулугун жана мунай соодасынан түшкөн кирешенин туруктуулугун камсыз кылууга багытталган.
Азыр Сауд Арабиясы Валюталык кеңеш режиминде иштейт, бул өлкөнүн акча-кредит саясатын жөнгө салат. Бул режимде улуттук валютанын көлөмү тышкы валюталык резервдерге (негизинен доллар) толугу менен байланыштуу болот.
Монеталар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1928-жылга чейин жүгүртүүдө Мария Терезиянын талери жана англиянын алтын соверендери болгон. Күмүштөн жасалган риял 1928-жылдан тартып чыгарыла баштаган, бул монеталарда таза күмүштүн салмыгы 19,96 г болгон. 1936-жылдан тартып риялдагы күмүштүн салмагы 10,69 г чейин азалтылган. 1960-жылга чейин бир риял 22, кийин — 20 кершке бөлүнгөн[2]. 1952-жылдын 22-октябрынан тартып Сауд Аравиясынын улуттук алтындан жасалган сауд соверени монеталары чыгарылып баштаган[3]. Сауд соверенинин курамындагы алтын англия соверенинин курамындагы алтындын салмагына бараабар болгон (7,98805 г). Азыркы учурда монеталар күнүмдүк жашоодо дээрлик колдонулбайт, соода-сатык учурларда товар наркы риялга чейин тегеректелет[4].
Банкноттор
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Алгачкы Сауд Арабиясынын банкноттору 10 риал номиналында 1952-жылы ажыга барган зыяратчылар үчүн чыгарылган. Кийин жүгүртүүгө 1 жана 5 риял банкноттору киргизилген. Кийинки жылдары жалпысынан беш эмиссия жүргүзүлгөн[5]. Ар бир жаңы банкнотто мамлекетти башкарган падышанын сүрөтү түшүрүлгөн[6][7].
Биринчи серия
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Экинчи серия
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Үчүнчү серия (Фейсал доору)
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Төртүнчү серия (Фахд доору)
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| 1983-1984-жылдардагы серия | ||||||||
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| Сүрөт | Номинал | Өлчөмү
(мм) |
Түсү | Сүрөттөөмөсү | Чыгарылган жылдары | |||
| Аверс | Реверс | Аверс | Реверс | Суу белгиси | ||||
| 1 | 134×62 | саргылтым | Фахд и байыркы монета | Гүлдөр | Падыша Абдель-Азиз II | 1984 | ||
| 5 | 145×66 | кызгылт көгүш | Фахд жана дау | мунай иштетүүчү завод | 1983 | |||
| 10 | 150×68 | саргылт | Фахд жана чепилдин дубалы | Пальма | ||||
| 20 | 152×70 | сары, жашыл | Падыша Абдель Азиз, Куба мечити (Медина) | Жабаль аль-Нур | 1999 | |||
| 50 | 155×70 | жашыл | Фахд, Асканын куполу мечити | Аль-Акса мечити | 1983 | |||
| 100 | 160×72 | көгүш, саргылтым | Фахджана Мухаммед пайгамбардын мечити | Мухаммед пайгамбардын мечити | 1984 | |||
| 200 | 163×74 | сары, жашыл | Падыша Абдель Азиз, Куба мечити (Медина) | Эр-Рияддагы Аль-Масмак сарайы | 1999 | |||
| 500 | 166×74 | кызгылт көк | Падыша Абдель Азиз, Кааба | Аль-Харам мечити | 1983 | |||
| Сүрөттүн масштабы 1,0 миллиметрге 1,0 пикселди түзөт. | ||||||||
Бешинчи серия (Абдалла доору)
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2007-жылдын май айында Сауд Арабиясы жаңы акча эмиссиясын жүргүзгөн. Жүгүртүүгө 1, 5, 10, 50, 100 жана 500 риялдык банкноттор чыгарылган. Жаңы купюраларда падыша Абдалланын сүрөтү жайгаштырылган. Бирок мурдагы 500 риялдык банкнот өзгөртүүсүз калган. Эски банкноттор жаңы акчалар чыгарылган сайын жүгүртүүдөн акырындап алынган.[8]
| 2007-жылдагы серия[9] | ||||||||
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| Сүрөт | Номинал | Өлчөмү (мм) | Түсү | Сүрөттөөмөсү | Суу белгиси | Басып чыгарылгын датасы | ||
| Аверс | Реверс | Аверс | Реверс | |||||
| 1 | 133×63 | ачык жашыл | VII кылымдагы алтын динар; Абдалла ибн Абдул-Азиз Аль Сауд | Борбордук банктын имараты | Падыша Абдалла, номинал | 31-декабрь 2007 | ||
| 5 | 145×66 | кызгылт көк | Мунай иштетүүчү завод; Абдалла ибн Абдул-Азиз Аль Сауд | Аль-Жубайл портундагы танкер жана мунай терминалы | 2007-жыл июль | |||
| 10 | 150×68 | күрөң | Аль-Мораба падыша сарайы; Абдалла ибн Абдул-Азиз Аль Сауд | Абдул-Азиздин тарыхый борбору | ||||
| 50 | 155×70 | кочкул жашыл | Асканын куполу мечити; Абдалла ибн Абдул-Азиз Аль Сауд | Иерусалимдеги Аль-Акса мечити | 2007-жыл 21-май | |||
| 100 | 160×72 | кызыл | Масжид ан-Набави мечитинин жашыл куполу; Абдалла ибн Абдул-Азиз Аль Сауд | Масжид ан-Набави мечити | ||||
| 500 | 166×74 | көгүш | Кааба; Абдул-Азиз ибн Абдуррахман Аль Сауд | Аль-Харам мечити | 2007-жыл сентябрь | |||
Салман доору
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2016-жылдын 26-декабрында Сауд Арабиясынын борбордук банкы падыша Салман ибн Абдул-Азиз Аль Сауддун сүрөтү түшүрүлгөн жаңы сериядагы банкнотторду чыгарган. Бул сериянын номиналдары 2007-жылкы сериядагыдай эле, бирок 1 риял номиналындагы купюра чыгарылган эмес. 500 риялдык банкнотто Сауд Арабиясынын негиздөөчүсү Абдул-Азиз ибн Абдуррахман Аль Сауддун сүрөтү жайгаштырылган. 2020-жылдын 4-октябрында алгачкы 5 риял номиналындагы полимер банкнота, ошондой эле G20га мүчө мамлекеттерге арналган 20 риялдык купюра чыгарылган[10]. 2021-жылдын 25-апрелинде Vision 2030 программасынын беш жылдыгына арналган 200 риялдык банкнота жүгүртүүгө чыгарылган[11].
| 2016-жылдагы серия | ||||||||
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| Сүрөт | Номинал | Өлчөмү (мм) | Түсү | Сүрөттөөмөсү | Суу белгиси | Басып чыгарылгын датасы | ||
| Аверс | Реверс | Аверс | Реверс | |||||
| 5 | 145×66 | кызгылт көк | Руб-эль-Хали чөлүндөгү мунай иштетүүчү завод; падыша Салман | Гүлдөр | Падыша Салман, номинал | 26-декабрь 2016-жыл | ||
| 5 (полимер) | Сауд Арбиясынын герби | 26-октябрь 2020-жыл | ||||||
| 5 (полимер) | Сауд Арбиясынын герби | 2024 | ||||||
| 10 | 150×68 | күрөң | Чеп; падыша Салман | Эр-Рияддын панорамасы | Падыша Салман, номинал | 26-декабрь 2016-жыл | ||
| 20 | 152×70 | зайтун сымал жашыл | Падыша Салман | G20 мүчө өлкөлөрүнүн картасы | 4-октябрь 2020-жыл | |||
| 50 | 155×70 | жашыл | Асканын куполу мечити; падыша Салман | Иерусалимдеги Аль-Акса мечити | 26-декабрь 2016-жыл | |||
| 100 | 160×72 | кызыл | Масжид ан-Набави мечитинин жашыл куполу; падыша Салман | Масжид ан-Набави мечити | ||||
| 200 | 160×74 | боз | Падыша Абдул-Азиз | Правительственное здание Каср аль-Хукм, Эр-Рияд | Падыша Абдул-Азиз, номинал | 25-апрель 2021-жыл | ||
| 500 | 166×74 | көгүш | Кааба; падыша Абдул-Азиз | Аль-Харам мечити, Меке | 26-декабрь 2016-жыл | |||
Валюта курсунун режими
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Сауд Арабиясы улуттук валютасынын курсун кармап туруу үчүн Валюталык кеңеш режимин колдонот жана риялдын курсу АКШ долларына 3,75:1 курсу менен байланган[12]. Банктардагы алмашуу курстары расмий курстан бир аз гана айырмаланат: сатып алуу 3,74 жана сатуу болжол менен 3,77. 2007-жылдын сентябрында өлкө өз валютасынын курсун АКШ долларына байлоодон баш тартуу ниетин жарыялаган[13]. Кийинчерээк бул пландары ишке ашкан эмес[14].
| Базардагы курсу |
|---|
| Google Finance (.../SAR): | KGS USD EUR GBP JPY CHF |
| Yahoo! Finance (.../SAR): | KGS USD EUR GBP JPY CHF |
| XE.com (.../SAR): | KGS USD EUR GBP JPY CHF |
| OANDA.com (.../SAR): | KGS USD EUR GBP JPY CHF |
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Inflation Rate (англ.).
- ↑ Нумизматический словарь
- ↑ Нумизматический словарь. РИЯЛ
- ↑ Saudipedia. Timeline of the Saudi Currency
- ↑ Saudi Central Bank. The Historical Framework of the Currency of Saudi Arabia
- ↑ Through the Hands of Time: Seven Decades Evolution of the Saudi Riyal
- ↑ Saudipedia. Royal Family
- ↑ Саудовская Аравия выпускает новые банкноты
- ↑ The Fifth Issue.
- ↑ Saudi Central Bank. SAMA introduces the Five Riyal denomination made of polymer ... and it will start circulating on October 5th
- ↑ Saudi Riyal History, Features & Facts
- ↑ International Monetary Fund. Saudi Arabia: 2011 Article IV Consultation—Staff Report; Public Information Notice on the Executive Board Discussion
- ↑ Газета.ru. Откажемся от доллара: Саудовская Аравия угрожает США
- ↑ Lenta. Саудовская Аравия отказалась обваливать доллар