Саф сүрөсү

Википедия дан
  • 61-сүрө

Сафф сүрөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мединада түшүрүлгөн. Он төрт айаттан турат.
  • Кыргызча котормо мааниси
  • Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
  • 1. Алланы асмандардагылар менен жердегилердин баары Аруулады. Ал – Ызааттуу, Даанышман.
  • 2. Эй, момундар! Силер эмнеге өзүңөр кылбаган нерсени айтасыңар?
  • 3. Алланын алдында, өзүңөр кылбаган нерсени айтканыңар өтө жек көрөрлүк!
  • 4. Акыйкатта, Алла Анын жолунда, бекем дубал өңдүү катар, тыгыз туруп салгылашкандарды жакшы көрөт.
  • 5. Муса өз элине мындай деди: “Эй коомум! Силер эмне себептен мени Алла жиберген элчи экенимди билип туруп мага зыйан берип, ыза кыласыңар?” Алар[2] четтеген кезде Алла алардын жүрөгүн туура жолдон адаштырды. Алла адашкан бузукуларды туура жолго салбайт.
  • 6. Марйам уулу Иса[3]: “Эй Исраил уулдары![4] Мен силерге мага чейин жөнөтүлгөн, Тооратта айтылгандардын чындыктыгын тастыктоо жана менден кийин келе турган Ахмад аттуу[5] элчи тууралуу сүйүнүчтүү кабарды угузууга жиберилген Алланын элчисимин” – деди. Качан ал[6] айкын далилдер менен келген кезде, алар: “Бул – анык сыйкыр”, – дешти.
  • 7. Аны исламга чакырып жатканда жалганга чыгаргандан[7] да өткөн кандай адашкан неме болсун?! Алла адашкан коомду туура жолго салбайт.
  • 8. Алар Алланын Нурун[8] өздөрүнүн оозу[9] менен үйлөп өчүрүп койууну каалашат, бирок Алла каапырлар жаман көрүшсө да өз нурун[10] толуктай берет.
  • 9. Ал (Алла), мушриктер жек көрсө да, бардык диндерден жогору кылуу үчүн чыныгы дин, туура жол менен элчисин жиберген.
  • 10. Эй, ыймандуулар! Силерге өзүңөрдү катуу азаптан куткара турган соодалашууну көргөзөйүнбү?
  • 11. (Бул) Аллага, Анын элчисине ишенесиңер, Алла жолунда байлыгыңар жана өз жаныңар менен күрөшкө чыгасыңар. Эгер билсеңер мына ушул өзүңөр үчүн эң жакшы.
  • 12. Ал (Алла) силердин күнөөңөрдү кечирет жана силерди алдынан дарыйалар агып турган Бейиш бактарына жана Бейиштеги түбөлүктүү көркөм (кооз, таза) орундарга киргизет. Бул өзү улуу жеңиш (ийгилик).
  • 13. (Эй, ыймандуулар!) Силер сүйгөн дагы бир нерсе: Алладан келген жардам жана жакында болуучу жеңиш (бар). Сен аны момундарга сүйүнчүлөгүн.
  • 14. Эй момундар! Алланын динине жардамчы болгула. Марйам уулу Иса өз сахабаларына (шакирттерине) айткандай: “Алланын ишинде мага ким жардамчы болот?” Шакирттери: “Аллага биз жардамчы болобуз”, – дешти. Ошондо Исраил уулдарынын бир тобу ишеништи[11] да, экинчи бир тобу танышты. Ошондо Биз ишенген ыймандууларды кубаттуу кылдык, анан алар душмандарынын үстүнөн жеңишке жетишти.