Саясий тарбия

Википедия дан

Саясий тарбия - саясий аң-сезимге жана калктын жеке адамдын сезүүсүн жанаац-сезимин, топтук саясий сезим менен коомдук сезимди бүтүндөй калыптандырууну камтыган жүрүм-турумуна тутумдуу жана максаттуу таасир этүү процесси.

Саясий тарбиянын максаттары, мазмуну жанауюшулушу коомдун саясий тутумунун мүнөзү менен аныктапат жана аны сактоо менен өнүктүрүүнүн кызыкчылыктарына кызмат кьшат. Саясий тарбиянын негизги милдети азыркы тутумда өкүм сүрүп жаткан саясий баалуулуктардын, саясий жүрүм-турумдун нормаларынын жана нормативдик үлгүлөрүнүн массалык тамыр жайышы жана сакталышы болуп саналат. Мунун өзү тутумда кабыл алынган саясий маданияттын түрлөрүнүн жайылышына байланыштуу. Саясий тарбия негизги эки: зарыл саясий маалыматты жайылтуу менен жыйынтыкталган рационалдык жана саясий мамилелердин жыйындысынын иштелип чыгышына алып келе турган эмоциялык компоненттерди камтыйт (кара: Саясий мамилелер). Биринчи компонент - саясий тутум үчүн зарыл болгон коом мүчөлөрүндө саясий билимдин минимумун камсыздай турган билим берүү тутуму. Мындай тутум көбүрөөк (тоталитардык вариант) же азыраак (демократиялык) катаал болушу мүмкүн.

Саясий тарбия саясий социалдаштыруунун жеке учурларын дагы чагылдырат. Социалдаштыруунун максаттуу социалдык уюшулган ыкмасы катары Саясий тарбия биринчи кезекте бала бакчадагы Саясий тарбиянын элементтеринен тартып, балалык (пионер), өспүрүм, бой жеткен курактагы жана жаштар (комсомол) уюмдарындагы инсан катары калыптануу жылдарын саясий таасирге камтуу менен, масштабдык формаларды алат.

Саясий тарбиянын интенсивдүүлүгүнүн даражасы коомдогу саясат менен идеологиянын энчилүү салмагынан коз каранды: ал канчалык жогору болуп, саясий тутум өзүн-өзү сактоо маселелери менен канчалык алек болсо, Саясий тарбия ошончолук масштабдуу жана интенсивдүү. Азыркы дүйнөнүн өлкөлөрүнүн басымдуу көпчүлүгүндө Саясий тарбияны камтыган тарбиялоо тутуму мамлекеттик мүнөзгө ээ же өкүм жүргүзгөн саясий тутумдан алынып, мамлекеттин көзөмөлүндө болот. Көзөмөл деңгээли тутумдун демократиялуулук деңгээли жана анын плюрализми, Саясий тарбиянын башка моделдеринин чыдамкайлыгы менен аныкталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8