Саясий убакыт

Википедия дан

Саясий убакыт — саясий субъекттин ишмердүүлүгүнүн интенсивдүүлүгүнүн чеги, ал окуялардын жыштыгы менен өлчөнөт, өзүнүн окуяларынын мазмундуулугуна жараша ылдамдап же жайлап турушу мүмкүн.

Саясий убакыт - реалдуулук, болуп жаткан, бирок өзүнүн турмуштук макамы боюнча физикалык убакыт менен дал келбейт. Мисал катары — качан саясий турмуштун белгилүү бир жерлерде, көбүнчө борбор шаарларда дароо күчөшү, саясий окуялардын санынын көбөйүшү, социалдык жана психикалык чыцалуулардын даражасынын жогорулашы, көп сандаган жана тез саясий өзгөрүүлер, ал эми башка аймактарда Саясий убакыт такыр башка убакытта өтөт. Ар кайсы аймактын тургундары бир эле физикалык убакытта жашап жатып, убакыттын кайсы бир мезилинде ар кандай Саясий убакытта болуп калышат, ар кандай саясий приоритеттерден жана реалийлерден чыгышып өзүлөрүнүн ишмердүүлүгүн кура беришет. Албетте, алардын саясий аракеттери интенсивдүүлүгүнүн даражасы жана мүнөзү ар башка болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8