Светлов Михаил Аркадьевич

Википедия дан

Светлов Михаил Аркадьевич (4(17). 1903, Екатеринослав, азыркы Днепропетровск - 28. 9. 1964, Москва) - орус совет акыны. Жакыр үй-бүлөдөн. МГУда окуган (1927-28). Чыгармалары 1917-жылдан жарыялана баштаган.

Светлов өзүнө таандык стили бар романтик акын катары белгилүү. Бул касиет анын Граждандык согуш жөнүңдөгү ырларынан айкын көрүнөт: «Гренада» (1926), «Рабфакчыга» (1925), «Чалгында» (1927) ж. б. Улуу Ата Мекендик Согуш мезгилинде аскер кабарчысы болуп, «Жыйырма сегиз» деген поэма, Лиза Чайкина жөнүндө ырлар циклин жараткан. Кийин «Горюонт» (1959), «Мерген үйү» (1964) деген ыр жыйнактары чыккан. Светлов терең лиризмдүү жана романтикалык пафостогу «Жомок» (1939), «Жыйырма жылдан кийин» (1940), «Бөтөн бакыт» (1953) дегевдей пьесаларды да жазган. Чыгармалары дүйнө жана СССР элдеринин көп тилине которулган. «Соңку ырлар» аттуу жыйнагы үчүн Лениндик сыйлык алган (1967). Үч Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Журналистика энциклопедиясы. 1-том. Түз., А.А. Джапанов –Б., 2016. – 360б. ISBN 978-9967-19-414-4