Свэг

Википедия дан

Свэг - кийинүү жана өзүн алып жүрүү стили. Түзмө-түз которулбайт. Бул сөз америкалык Соулжа Бой аттуу рэпердин «Turn my swag on» («Менин стилимди сына») деген ырынан келип чыккан деп айтылат. Свэг – бул көчө менен спорттук стилди айкалыштырып кийинүү. Бул стилдегилер эч кандай формасы жок кийимдерди кийип, алтын чынжыр же шакектерди тагынып алышат. Кээ бирлер муну чечкиндүүлүк жана байлык деп түшүнүп, башкалардан айырмалуу деп билет. Ал эми кай бирлери муну ашкере мактанчаактык деп баалап, стиль деп айтууну да эп көрүшпөйт.