Себептүүлүк принциби

Википедия дан

Себептүүлүк принциби – физикалык кубулуштардын бири бирине таасиринин мүмкүн болгон чегин көргөзүүчү эң жалпы принциптердин бири.

Себептүүлүк принциби берилген окуянын бардык болуп өткөн окуяларга таасирин жокко чыгарат (“келечек өткөнгө таасир кылбайт”, “окуянын себеби убакыт боюнча окуянын натыйжасынан мурда болот”). Себептүүлүк принциби “мурда”, “кийин” түшүнүктөрү колдонулбаган окуялардын өз ара таасири болбой тургандыгын талап кылат; бир байкоочуга мурдараак көрүнгөн окуя экинчи байкоочуга кийинчерээк көрүнөт; атайын салыштырмалуулук теориясына ылайык, дал ушундай абал качан гана окуялардын мейкиндиктеги аралыгы өтө чоң, ал эми убакыт өтө аз болгондо, бул окуялар жарыктан тез тараган сигнал аркылуу байланышканда пайда болот. Бул кыймылдын жарыктын боштуктагы ылдамдыгынан чоң ылдамдыкка ээ болушу мүмкүн эместиги жөнүндөгү кеңири белгилүү жыйынтыкка алып келет.

Физикалык теориянын аппараттарында Себептүүлүк принциби динамикалык теңдемелерди чыгарууда бир маанидеги чыгарылышка ээ болууга өбөлгө түзөт. Бул жыштыктын функциясы катарында каралуучу системанын диэлектрдик өткөрүмдүүлүгүнүн анналитикалык касиети (Крамерс–Крониг дисперсиялык катышы) кирет. Башка маанилүү мисал - адрондордун чачыроо теориясындагы дисперсиялык катышы. Элементардык бөлүкчөлөр жана кандайдыр бир элестетүүчү моделди колдонбостон алынган бул катыш тикеден тике байкалуучу чоңдуктардын ортосундагы так көзкарандылыктын уникалдуу үлгүсү. Элементардык бөлүкчөлөр теориясында бөлүкчөлөрдүн аракеттешүүсүн тикеден тике теориянын жалпы принциптеринин негизинде сүрөттөөчү аксиомалык жолдун пайда болуусу Себептүүлүк принцибинин ролун жогорулатты. Аксиомалык жолдо Себептүүлүк принцибине негизги постулаттардын (салыштырмалуулук теориясынын жана кванттык теориянын талаптары менен катар) катарында конструктивдүү роль бөлүнөт. Себептүүлүк принциби микроскопиялык областтагы эксперимент жана жалпы адамзаттын практикасы тарабынан кубаттоого ээ болот. Бирок элементардык физикада кезигүүчү субядролук масштабда бул принциптин тууралыгы айкын байкалбайт. Мындай абал Себептүүлүк принцибинде окуя түшүнүгү берилген убакытта мейкиндиктин берилген чекитинде болуп жаткан “чекиттик” окуяга тийиштүү. Демек буга чейинки айтылып жаткан Себептүүлүк принцибин микроскопиялык Себептүүлүк принциби деп атасак болот. Бирок кванттык теориядан жана салыштырмалуулук теориясынан келип чыккан чектөөлөр чекиттик окуянын физикалык ишке ашышын болтурбайт: ар кандай окуя, б. а. бөлүкчөлөрдүн аракеттенишинин ар кандай акты сөзсүз түрдө мейкиндикте жана убакытта чектүү өлчөмгө ээ болот. Ошондуктан кичине масштабдар областында Себептүүлүк принциби өзүнүн негизги физикалык мазмунун жоготуп, формалдуу талап кылуучу принцип болуп калат. Демек, мейкиндиктин жана убакыттын чоң масштабдарында Себептүүлүк принциби туура болуусу менен бирге “кичине” масштабдарда туура эмес болуп калышы мүмкүн. Мындай Себептүүлүк принциби макроскопиялык Себептүүлүк принциби деп аталат. Бул принциптин жогоруда келтирилген чектөөлөрүн толук берүүчү сандык формулировкасы азырынча жок.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]