Абдил Сегизбаев

Википедия дан
Сегизбаев Абдил‎»‎ барагынан багытталды)
Абдил Сегизбаев
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы
2015 — 7-апрель 2018[1]
Өкмөт башчысы: Сооронбай Жээнбеков
Сапар Исаков
Президент: Алмазбек Атамбаев
Сооронбай Жээнбеков
Андан кийинки: Идрис Кадыркулов
 
Туулган жылы: 2 -июнь 1973(1973-06-02) (50 жаш)
Туулган жери: Фрунзе, Кыргыз ССРи, СССР
Кесиби: Аграном

Абдил Сегизбаев (2-июнь, 1973, Фрунзе, Кыргыз ССРи, СССР) — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишмери. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы (2015—2018) чини - генерал-майор[2]

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1996-жылы - Бишкек шаарындагы Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунан агроном кесибин алып чыккан.
  • 19952000-жылдары - "Сорос-Кыргызстан" фондунун координатору;
  • 2000-2003-жылдары - Швейцариялык эл аралык кызматташуу боюнча ассоциациясынын кызматкери;
  • 2003-2005-жылдары - Кыргыз өлкөсүнүн президенти Аскар Акаевдин маалымат катчысы;
  • 2011-2012-жылдары - президент Алмазбек Атамбаевдин жардамчысы;
  • 2012-жылы - Кыргыз Республикасынын президенттик аппаратынын маалыматтык саясат боюнча бөлүмүнүн жетекчиси – Кыргыз Республикасынын президентинин жардамчысы;
  • 2012-жылы - Кыргыз Республикасынын президентинин маалымат саясаты боюнча кеңешчиси;
  • 2014-жылы - УКМКнын орун басарлык деңгээлинде иш алып барган Улуттук коопсуздуктун коркунучтарын жана тобокелчиликтерди талдоо боюнча кызматтын директорлугуна дайындалган;
  • 2015-2018-жылдары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев кызматынан бошотулду
  2. Алмазбек Атамбаев УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевге "генерал-майор" наамын ыйгарды