Седиментация

Википедия дан

Седиментация – борборго умтулуучу жана гравитациялык күчтөр талаасындагы бөлүкчөлөр багытталган кыймылы, б.а. дисперстик чөйрөдө калкып жүрүүчү түрдүү бөлүкчөлөр оордук күчүнүн таасири астында акырындык менен чөгүшү. С. чөгүү ылдамдыгы бөлүкчөлөр массасына, чоңдугуна, формасына жана дисперстик чөйрөнүн илээшкектигине, тыгыздыгына көз каранды. Чөгүү ылдамдыгы боюнча бөлүкчөлөр өлчөмү жана салыштырма саны аныкталат. С. – кендерди байытууда, нефть продуктуларын бөлүүдө, суулар тазалоодо колдонулат. Центрифуга жана ультра центрифуганын иштөө принциптери бул процесстин негизинде ишке ашат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]