Седиментациялык анализ
Седиментациялык анализ – седиментация ылдамдыгы боюнча полимер эритмелериндеги макромол-лар массаларын жана дисперстик системадагы бөлүкчөлөр өлчөмдөрүн аныктоо методунун жыйындысы. Бул методдор дисперстүүлүктүн орточо мүнөздөмөсү менен бирге бөлүкчөлөр өлчөмдөрү же массалары боюнча таралышынын кыйшык сызыктарын алууга мүмкүндүк берет. С. а. гравитациалык талаада ири дисперстик системалар үчүн (суспензия), (бөлүкчөлөр өлчөмдөрү 1 мкм чоң), борборлошкон талаада коллоид системаларын жана полимер эритмелерин изилдөөдө колдонулат. С. ылдамдыгынын борборлошкон ылдамданууга болгон катышы (седиментация константасы) –системанын маанилүү молекулярдык – кинетикалык мүнөздөмөсү. Ал дисперстик фазадагы бөлүкчөлөр массасына жана формасына же макромол-лар массасына көз каранды.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6