Мазмунга өтүү

Сезаннизм

Википедия — ачык энциклопедия

Сезаннизм – француз живописчиси П. Сезанндын өлгөндөн (1906-ж.) кийин четки формалисттик багыттардын катышуучулары көтөрүп кеткен жалган көркөм «концепциясы». Сезаннистер реалдуу турмуштун бүт байлыгын геометриялык формалардан (куб, шар, пирамида) көрүшкөн. Ал эми колориттин милдети абстракттуу формаларды көзгө жагымдуу жана түнт, салкын түрлөрдү таза, шарттуу контрасттарынын жардамы менен берүүдө деп эсептешкен. Алар адам менен жаратылыштын одоно жөнөкөй­лөтүлгөн, жансыз схемалаштырылган сүрөттөлүшүн беришкен жана бекеринен алар натюрмортту негизги жанр катары тандап алышкан эмес. С. живопистен социалдык жана психологиялык мазмунду, аба менен жарыкты чыгарып салуу менен бизди курчап турган реалдуу дүйнөнү сүрөттөгөн живописти жокко чыгарган кубизм жана вещизм сыяктуу ликвидатордук реакциячыл агымдардын негизги позициясы болуп кала берген. С-дин зыяндуу таасири живопистин алгачкы жылдары, айрыкча «Момун балта» бирикмесинин мурунку катышуучуларынын эмгектеринде байкалат. Алдыңкы реалисттик көркөм өнөрдүн формализм менен күрөшүндө бул көрүнүштөр көркөм өнөрдөн жок кылынган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]