Сейдеев Бакай
Сейдеев Бакай (1929-1988) Ат жабдыктарынын чебери. Тоң районундагы Ак-Сай айылында төрөлгөн.
Орто билимдүү. Чарбада чабан, жылкычы, кийин мектепте кол эмгек сабагынын мугалими болуп иштеген. Бакай мектепте кол эмгегине байланыштуу ар кандай ийримдерди уюштуруп, окуучуларды ракета, самолёт, пароход, катер өңдүү авто үлгүлөрдү жасоого машыктырган. Бакай өрмөчү катары жүгөн, көмөлдүрүк, куюшкан, басмайыл жана нокто өрүмдөрүн жүзөгө ашырат. Өрүмчүлүккө эски жабдыктардын өрүмдөрүн жандырып көрүп, кайра жиги менен өрүп машыккан. Айрыкча ал үч кыр өрүмдү ийине келтирген. Бул өмүрчүлүктө «жом өрүм» деп аталат. Кайыш 12, 14, 16 талга чейин тилинип, жупталып өрүлөт. «Жом өрүм» жүгөн, көмөлдүрүк, куюшканга жарашык берет. Бакай өргөндө көк астыңкы бетинен каз тандай болуп, бири-биринен өтүшөт. Мында өрүм үзүлүп же талы кесилип калса да жанбайт. Анткени, «жом өрүм» үч кыр келип, ар бир тал көк (кайыш) үч кырдан кезек-кезек өтүшүп, б. а. айланып турат. Ошол себептүү «жом өрүм» бышык жана кооз көрүнөт. Бакай «жырым өрүм» дегенди да өргөн. Ал тогуз талдан өрүлөт, буюмга карата жазы, ичке тилиниши мүмкүн. Өрүмү жеңил, жомго караганда жөнөкөй көрүнөт. Чынында өрмөчүлүк камчы өрүмдө сыналат. Бул чеберчиликтен чеберчиликке өтөт. Бакайдын колунан жаралган он алты талга чейинки жуп өрүм аркылуу жүзөгө ашкан «жылан боор өрүмү» жана «суйсалма өрүмү» биринин кооздугун бири толуктайт. «Жылан боор өрүм» шахмат түрүнө келип терилип, урунууга абдан бышык келет. Ал эми «суйсалма өрүмүнүн» экиден басылып, өрүмү кененирээк болот. Ноктону «түйүм өрүм» менен жасаган. Мындан өрүмдүн «калмак байлоо» деген түрү келип чыгат. Бул учурда тилинген көктү жумурулап, тоголок эшип алат. Аны өткөрүштүрүп байлап турат. Анын «өткөрүп түйүү» дегени да кездешкен. Мунун көгү эки бүктөлүп, бири бирине каршы өткөрүлүп түйүлөт. Өрмөкчүлүктө камчынын түшкүнүн бекитүү үчүн Бакайда өзүнчө ыкма болгон. Камчы түйүүдө ал түшкүндү чачынын алдына, ортосуна жана учуна түйгөн. Мындай камчы камчыланууга бышык болгон. Кайышты колго жасаган. Анын мал терисинен кайыш-көк жасашы башка усталардан түп тамырынан бери айырмаланган. Уйдун чылгый терисин бир күнгө тузга коюп, анан ички бетине керосин сыйпаган. Чоң уйдун терисине бир жарым литрге чейин суумай төккөн. Аны бүктөп таштап койсо, түгү өзү эле жыдып калган. Күнгө көргөзбөй, улам сызга талкууга сала берген. Качан өзүнүн нымы кургаганда эле ал даяр ак кайыш болгон. Ийленип бүткөндөн кийин автол майын сыйпап, нымга таштаса, кайыш иштөөгө жумшак болгон. Кайыш баш аягы эки-үч күндө эле даярдалган. Чебер күдөрү кайыш да ийлеген. Ал союлган теринин дароо эле түгүн алып чылгый боюнча ийлеген. Бакайдын өмүрлөшү Зина уз, бир уулу Нарынбек ата нускасын алган уста.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0