Сейдене Молдоке кызы

Википедия дан

Сейдене Молдоке кызы (1922, Кетментөбө өрөөнү) – семетейчи. Айылдык жети жылдык мектепти аяктаган. Сейдене өтө жаш кезинен ырга, сөзгө үйүр болуп, өзү да кези келгенде жамактатып ырдай коюп жүргөн. Элде Сейдене Атай Огомбаев менен айтышкан деген аңыз сөз бар.

"Семетей" айтып калышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сейдене «Семетей» айтып калышын башка манасчылардай эле түш көрүү менен байланыштырат. Анын түшүнө адеп улуу акын Токтогул кирип, «Манас» айт дейт. «Айланайын Токо! Аял киши болсом кантип айта алам?» – деп макул болбойт. Көп өтпөй Сейдене катуу ооруйт, түшүнө Семетей кайра-кайра кирип, эпосту айтууну талап кылат. Ушул мезгилде Сейдененин баласы чарчап калат. Муну ал эпосту айтпаганы үчүн түшүнө кирген баатырлардын (Семетей ж. б.) арбактарынын жазалоосу катары түшүнөт да жалгыз калганда көбүнчө түн ичинде, өзүнчө «Семетейдин» ар кайсы эпизоддорун айта баштайт. Бара-бара такшалып кадимкидей айтууга жарап калганда коңшу аялдарды үйүнө чакырып алып аларга айтып берип жүрөт. Муну кайнатасы билип калып «Манасты» аял киши айткан эмес деп, Сейдененин эпосту айтуусуна катуу каршы болуп, таптакыр тыюу салат. Бирок, «Семетейди» эл арасында айтууга абдан ынтызарланган Сейдене эл көп чогулган кайсы бир чоң майрамда үйүнөн качып чыгып, майрамга келген карыяларга барат да алардын уруксаты менен алгач көп жыйындын астына чыгып өнөрүн көргөзөт. Анын «Семетейин» жактырган карыялар ак батасын беришет. Ушундан тартып үй-бүлөсүнүн тоскоолдугу токтоп, «Семетей» айтып калат. Эпосту тереңдетип айтуу максатында Таласка бир нече жолу барып «Манас» эпосуна байланышкан андагы атактуу жерлерди кыдырып көрүп чыгат. 60-жылдардын орто ченинде Фрунзе шаарына келип, эл акыны Алымкул Үсөнбаевдин үйүндө белгилүү артисттер, акындар, манасчылардын алдында «Семетей» айтат. Мында чогулгандар, айрыкча, «Манас» эпосунун көп варианттарын кагаз бетине түшүргөн белгилүү манасчы Ыбырайым Абдыракман уулу Сейдененин талантына жогору баа берет. Сейдене эл чыгармачылыгынын көптөгөн кароо, конкурстарына катышып башкы байгелерди жеңип алган. КРУИА-сынын Манастаануу бөлүмү Сейдене айткан «Семетейдин» бардык эпизоддорун жазып алган. Анын вариантын жазып алууга илимий кызматкерлер Р. Сарыпбеков, О. Сооронов катышкан. Эпостун айрым эпизоддорун семетейчи өзү да кагаз бетине түшүргөн. Сейдененин семетейчи болуп калыптанышына китептин, айрыкча, 1959-ж. жарык көргөн белгилүү семетейчилердин. варианттары боюнча түзүлгөн курама варианттын таасири чоң. Китептин Сейденеге таасир этүүсүн күйөөсү Үркүн Сейитбеков мындайча эскерген. Айылда мугалим болуп иштеп жүргөн Үркүн китеп жаңы жарыкка чыкканда сатып алат да бош боло калганда үн чыгарып баштан аяк көп сапар окуп чыгат. Анын окугандарын Сейдене ар дайым кунт коюу менен угуп жүрөт. Демек, жаш кезинен ырга, көркөм сөзгө шыктуу Сейдененин ичинде бугуп келген жашыруун таланты эпостун укмуштуу дүйнөсү менен аралашып, ээ бербей сыртка атып чыкканы талашсыз.

Сейдененин варианты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сейдененин вариантынын китеп менен жакындыгы көбүнесе сюжет курулушу жагынан байкалат. Бирок, ички көркөм касиети, мазмуну, айрым деталдары, мотивдери боюнча толук өзүнчөлүккө ээ. Сюжеттик курулушу жагынан да бүтүндөй эле китеп менен окшош эмес. Ал турсун айрым эпизоддор белгилүү варианттардын эч бирине окшошпогон өзгөчөлүккө ээ. Көпчүлүк варианттарда Семетей өлгөндөн кийин Кыяс Айчүрөккө зордук менен үйлөнөт да Сейтек анын колунда туулат. Ал он экиге чыкканча кыргызга Канчоро кандык кылат. Каныкей, Бакай, Күлчоро кул-күңдүктө жашайт. Ал эми Сейдененин вариантында Кыяс Айчүрөккө үйлөнө албайт. Айчүрөк Таласта калып Сейтекти төрөйт. Семетейдин ордуна кан болгон Канчоро Айчүрөк, Күлчоро, Бакай, Каныкейге кордук көрсөтө баштаганы менен элдин каргышына калган Канчоро көп узабай кайгы-касиретке учурайт. Канчорого тийгени жети күн боло электе Чачыкей айыкпас ооруга чалдыгат. Тогуз айга жеткирбей бала төрөп, өзү узабай өлөт, артынан жаңы төрөлгөн баласы да чарчайт. Алардын өлүмүнө кайгырган Канчоро оорута чалдыгат. Аны адамкерчиликсиз чыккынчылыгы үчүн жек көргөн Бекчоро дарыламыш болуп аракка чылап уу берет. Ичегиси эзилип, эси оогон Канчоронун жанына эч ким басып барбай жалгыздыкта жатып азап тартып өлөт (башка варианттарда Канчорону Сейтек эр жеткенде өлтүрөт). Канчоро өлгөндөн кийин эркиндикке чыккан Каныкей жаралуу Күлчорону (башка варианттардагыдай ал Кыястын колуна түшүп анын жылкычы-кулу болбой эле Таласта калат) өз колу менен айыктырат.
Айыккан Күлчоро Таласка кан болот. Каныкей, Бакай куда түшүп Айдарбектин кызын Күлчорого алып беришет. Эл Семетей бар кездегидей бейпил турмушта жашайт. Сейдененин вариантындагы мындай өзгөчөлүктөр сюжеттин ичиндеги көптөгөн мотивдерден да учурайт. Мис., Каныкейдин жомогу эпизодунда кыз Сайкал Манастын төртүнчү аялы болот. Ал Манас турган жерден алыс, кытайларга чектеш жашайт. Чапса кылыч, атса ок өтпөгөн Манасты жеңе албаган Коңурбай өлтүрүүнүн ар түрдүү амалын издейт. Өзүнүн аялын Сайкал менен достоштуруп, астыртан сыр тарттырат.

Коңурбайдын аялы амал менен мас кылган Сайкал Манасты эртең менен багымдат намазды окуп жаткан учурунда гана өлтүрүүгө болорун айтып коёт. Коңурбай Манасты жарадар кылганда күнөөлүү Сайкал Манастан бир күн мурун жарылып өлөт. Акылман Каныкей Манастын сөөгүн түн ичинде Эчкиликтин зоосуна жашыруун көмдүрүп, эртеси Сайкалдын сөөгүн Манастыкы деп күмбөзгө койдурат. Мындай өзгөчөлүктөрдү Сейдене айткан ар бир эпизоддон табууга болот. Сейдененин айтуусунда Сарытаз алты айында ата-энесиз калган жетим бала болот. Аны таап алган Каныкей бапестеп өстүрүп, эр жеткенде Садырбектин кызына көп калың төлөп куда түшүп алып бергени жатканда Манас дүйнөдөн кайтып, тилеги ишке ашпай калат. Каныкей Букарга качканда Абыке, Көбөштөр Каныкейдин дайнын сурап Сарытазды кыйнашат да эч жооп ала албай аны өлтүрмөк болушат. Кыйды Кыргылчалдын кеңеши боюнча амал менен аман калтырышып, Каныкей калыңын төлөп койгон Садырбектин кызын алып беришип, аялы экөөнү Жакыпка малай кылып коюшат. Аялы эркек төрөп атын Калык коёт. Сарыдан ар түрдүү шек санаган Жакып аны өлтүрмөк болгондо ал катын-баласын кайындарына жашыруун жеткирип, өзү Каныкейлердин артынан Букарга качып кетет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сейдене Молдоке кызы Archived 2017-04-22 at the Wayback Machine