Мазмунга өтүү

Сейитбаттал

Википедия — ачык энциклопедия

Сейитбаттал«Манас» эпосунун эпизоддук кейипкери. Сагымбай Орозбаковдун вариантында гана айтылып, бул варианттын ички өнүгүшүндө ага китептик таасирлерди көрсөтө турган фактылардын бири жана Сагымбай Орозбак уулу «Сейид-Баттал» аттуу түрктүн элдик чыгармасы менен кабардар экендигин билгизет. Мисалы, «Сейитбаттал тушунда Чала болуп мусулман Жанган экен ушунда» (Сагымбай Орозбак уулу, Кол жазмалар фондусу, 580-инв., 44-б.). Академик В. В. Бартольд «Түрктөр бул чыгарманы арабдардын диндик баатыры Баттал жөнүндөгү уламышын өздөштүрүүнүн негизинде жараткан. Бирок, Батталдын образын өзүнүн прототибинен кескин өзгөртүп түзгөн» (В. В. Бартольд соч., т. 6.— М., 1966, 194-б.) — дейт. Манасчы Сагымбай Орозбак уулу арабча окуй билгендиктен Коковинанын басмасынан чыккан «Сейид-Баттал» (1879, Казан) китебинин сюжети менен тааныш болгондугу шексиз. Сагымбай Орозбак уулунун вариантында эл арасында оозеки айтылып, кийин гана жарыяланып (19-кылымдын 2-жарымы —20-кылымдын башы), элге кеңири таралган фольклордук чыгармалардын үлгүлөрүнүн таасирлерин байкоого болот. Алардын стилистикалык каражаттары «Манас» эпосунун поэтикасына белгилүү даражада таасир тийгизүү менен анын лексикасын, каармандар системасын байытып, салттык көрүнүштөрүн (сюжет, образ) кеңейтип сүрөттөөгө Манасчы га мүмкүндүк берген. Эпостун башка варианттарынын тексттериндеги стилистикалык каражаттарда араб-иран тилдеринен өздөштүрүлгөн поэтикалык лексика анчейин гана кезиксе, Сагымбай Орозбак уулунун вариантында мол учурайт. Муну С-дын кейипкер катары эпостон орун алып калышы да айгинелейт.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4