Мазмунга өтүү

Сейитбеков Токон

Википедия — ачык энциклопедия

Сейитбеков Токон 1924-жылы Сузак районунун Сары-Булак айылында туулган.

  • Согуш алдындагы оор жылдары чарбада эмгектенип жүрүп, 1943-жылы 19 жаш курагында Улуу Ата Мекендик согушка кеткен.
  • 1945-жылы бир бутунан ажырап экинчи топтогу майып болуп келген.
  • Согушта көрсөткөн эрдиги үчүн “Кызыл Жылдыз” ордени, “Даңк” медалы жана башка көптөгөн юбилейлик медалдар сыйланган.
  • Согуштан келгенден кийин үй-бүлөө күтүп, 2 уул 3 кызды тарбиялап өстүрүп, өмүрүнүн акырына чейин чарба иштеринде эмгектенген.
  • Эки жолу “Запорожец” автомашинасы менен сыйланган.
  • 1997-жылы дүйнөдөн кайткан.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3