Мазмунга өтүү

Сейитказиев Алмаз

Википедия — ачык энциклопедия

Сейитказиев Алмаз - акын жана обончу. Ат-Башы районунун Ак-Талаа айылында 1951-жылы 26-августта туулган.

1972–1975-жж. республикалык маданий агартуу окуу жайында, 1984–1990-жж. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде окуган.

1973–1990-жж. Токмок шаардык жана Чүй райондук биргелешкен “Ленин жолу” (азыркы “Баласагын оттору”) гезитинде корректор, басып чыгаруучу, кабарчы, жергиликтүү радиоуктуруунун бөлүм башчысы, 1990–1994-жж.Чүй райондук маданият бөлүмүнүн башчысы, 1995–1997-жж. Чүй райондук “Чүйагрофирмасынын” жалпы бөлүмүнүн башчысы, 1998–2009-жж. Чүй райондук балдардын музыкалык мектебинин директору болуп иштеген. Азыркы учурда И.Раззаков атындагы техникалык университеттин Токмоктогу техникалык институтунда журналистика факультетинде мугалимдик кесипте эмгектенет.

2000-2003-жж. Токмок шаардык кеңешинин депутаттыгына шайланган.

Чыгармалары 1975-жылдан тартып гезит-журналдарга жарыялана баштаган.

Пародист-акындык жөндөмүнөн сырткары музыкалык искусствонун бир топ жанрларында да эмгектенип келет. Ал “Айыл кечи”, Жылкычынын чымыроон” симфониялык поэмасын, фортепиано үчүн циклдык пьесаларды (сонатина, баллада) скрипка жана фортепиано үчүн сонатина, “Кашкалдактын кайраты” комуз күүсүн, фортепиано жана чоор үчүн пьесаларды, бир топ балдар жана чоңдор үчүн хорлорду жазган.

А.С.Пушкиндин, С.Есениндин ж.б. акындардын ырларын кыргыз тилине которгон. “Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги” төш белгисинин ээси.

1998-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Карлыгачтар: Обондуу жана поэтикалык ырлар. – Б.: Кыргызстан, 1995. – 127 б.

Быкшыган саптарга ыкшыган саптар: Пародиялык ырлар. – Кант, Кант басмаканасы, 1998. – 84 б.

Жүрөктөштөрдүн ырлары: Жыйнак. – Токмок: Токмок басмаканасы, 2003. - 98 б.

Жүрөк сыры: Поэтикалык ырлар. - Токмок: Токмок басмаканасы, 2002. - 123 б.

Уулума кат. Сатиралык поэмалар. – Б.: Эркин-Тоо, 2008. - 79 б.


Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]