Мазмунга өтүү

Сейрек жер элементтери

Википедия долбоорунан

Сейрек жер элементтери — лантандан кийинки, (58 ден 71 чейинки) элементтер мезгилдик системасында VI мезгилден орун алышкан жана касиетгери боюнча Lа окшош болгон химимялык  14 элемент: иттрий, лантан жана лантаноиддер. Айрым учурда С. ж. э. Sс cкандий да кирет. С. ж. э. аталып калышына: 1. жер кыртышында сейрек кездешиши; 2. алардын оксиддери 19-к. чейин «жер» деп аталган. Сууда эрибейт жана эрүү темп-ралары жогору. Алар: церий (лантан, церий, празеодим, неодим, сашрий) жана иттрий (иттрий, тербий, гадолиний, диспрозий, гольмий, эрбий, тулий, иттербий) деп 2 топчого бөлүиөт. С. ж. э. күмүш түстүү металлдар. Кээ бирлери саргыч түстүү (мисалы, Pr жана Nd) Металлдар кристаллдары тыгыз гексагоналдык же кубдук торчо түрүндө болушат. Жогорку сапаттагы металлдар женил деформацияланат (ийилүү, чоюу жана башка). Мех. касиеттери бирикмелер санына жараша (айрыкча О 2 , S, N жана С элементтери) болот. С. ж. з. химимялык  активдүүлүгү менен айырмаланат. Алар туруктуу оксид, галогенид, сульфид ж.б. пайда кылышат. Суутек, көмүртек, көмүртек оксиддери, углеводород, азот, фосфор жана башка эле-менттер м-ң реакцияга киришет. НСl, Н2SО4 жана НNО3 к-таларында жакшы эри-шет. Кадимки темп-рада, кургак жана нымдуу абада Lа, Се, Рr, Nd тез, калгандарын өтө жай дат басат. 180-200°С жогорку темп-рада, абада, R.2О3 типтүү оксид пайда кылышат. С. ж. э. ресурстары жер ыртышында (0,01%) жез өлчөмүнө барабар. Lа, Се жана Nd көбүрөөк кездешет. Алар 50 ашык минералдар курамында: фосфат, фторид, силикат, силикотитанат, ниоботталат, титанониобанат түрүндө кездешет жана ушул минералдан металл түрүндө металл-термиялык же электролиз методдору менен алынат. С. ж. э. кара жана түстүү мсталлургияда колдонулат, оксиддери айнек өндүрүшүндө. фарфорду, глазурду, эмалды, лак жана сырларды даярдоодо, тери жана текстиль өндүрүшүндө колдонулат. Радиоэлектроникада, Nd 2О3 электрондук приборлордо Рm147 микробатареяны жасоодо, Gd, Sm, Еu атомдук техникада пайдаланылат. А. ч-сында инсектицид жана жер семирткич түрүндө да колдонулат.

  • Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6