Сейрек кездешүүчү элементтер
"Сейрек жер элементтери" менен адаштырбаңыз.
Сейрек кездешүүчү элементтер же сейрек кездешүүчү металлдар — шарттуу аталган металлдар (50дөн ашык) тобу.
Бул металлдар техникада азырынча аз пайдаланылат жана толук изилдене элек, пайдалануу масштабы туруктуу эмес. Сейрек кездешүүчү элементтер жер кыртышында ар түрдүү тoo тектердин арасында чачыранды түрдө аз таралгандыктан аларды өзүнчө таза түрүндө бөлүп алуу технологиялык жактан кыйын. Ошондуктан сейрек кездешүүчү элементтердин изилдениши жана өздөштүрүлүшү кийин пайда болду.
Айрыкча 2-дүйнөлүк согуштан (1939-1945) кийин сейрек кездешүү металлдарды пайдалануу ылдам өнүгө баштады. Алар тез учуучу учактарды жасоого, ракета курууга, электроникага, атом энергетикасына өтө керек.
Сейрек кездешүүчү элементтер химиялык-физикалык касиеттеринин жалпылыгына, өндүрүп алуу, пайдалануу технологиясынын окшоштугуна ж.б. белгилерине карай төмөнкү класстарга болүнөт:
- жеңил (литий, рубидий, цезий, бериллий);
- начар эрий турган (титан, цирконий, гафний, ванадий, ниобий, тантал, молибден, вольфрам);
- чачыранды (галлий, индий, таллий, германий, селен, теллур, рений);
- сейрек жер элементтери (скандий, иттрий жана лантаноиддер);
- радиоактивдүү (франций, радий, актиний, торий, протактиний, уран, плутоний, полоний, технеций).
Бирок, бул классификация азырынча туруктуу эмес.
Сейрек кездешүү металлдар жаратылышта өзүнчө кен катары кезикпейт. Алар айрым минералдардын курамында кошунду же айрым руда кендеринде жандооч минерал катары жолугат.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.