Сейсм шкаласы

Википедия дан

Сейсм шкаласы - жер титирөөдө термелүүнүн интенсивдүүлүгүн аныктоочу шкала.

Сейсм шкаласынын көп түрү бар. Алардын жардамы менен термелүүнүн интенсивдүүлүгү имараттын бузулуу даражасына, кыртыштын чала бузулуш чоңдугуна жана формасына, жер титирөөнүн ж. б. аракетинен калган сырткы көрсөткүчтөргө карата аныкталат.

Термелүүнүн интенсивдүүлүгү, ошондой эле жер титирөө энергиясынын магнитудасы (жер титирөөнүн очогунан чыккан энергиянын логарифмасына пропорциялаш болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.