Мазмунга өтүү

Сейталиева Күлүжары

Википедия — ачык энциклопедия

Сейталиева Күлүжары Оймочу жана саймачы. 1926-ж. Жумгал районундагы Чаек айылында төрөлгөн.

Мектепте мугалим, чарбада чабан болуп эмгектенген. 1947-ж. Бишкектеги № 17 кесипчилик-техникалык окуу жайын бүтүргөн. «Кыял» элдик көркөм кол өнөрчүлүк Бирикмесинде көркөм оюм менен үлгү жаратуучу чебер-сүрөтчү болуп иштейт. Кыргыз ССР Жергиликтүү өнөр жай министрлиги ага «Жогорку сынаптагы чебер-сүрөтчү» деген наам ыйгарган. 1990-жылдан Кыргызстан Эл чеберлер союзунун мүчөсү. Ал чеберчиликти тестиер кезинен колго алган. Энеси Аныйпа, эжеси Дүрдананын оозунан ыры, колунан көөрү төгүлгөн уздардан болгон. Күлүшары окуучу кезинде эле сайган «Кыргыз ССРинин герби», «Беш жылдыз», «Буудайыкчан киши» өңдүү саймалары менен эл чыгармачылыгынын олимпиадаларына катышып, райондордо, областтарда баш байгелерге татыган. Уздун кийиз оюмдарында өзүнүн чыгармачылык мамилеси бар. Элдик кийим кечектердин бүтүндөй түрүн быча да, тиге да, ага көркөм каражаттарды пайдалана да алат. Үлгүгө карата боёкторду шайкеш пайдаланат. Көбүнчө кызыл, көк, сары-кара түс анын буюм тайымдарынын ич ара айкалыштырган оюм элементтеринин ажарын ачат. Уз коомдук көркөм өнөрканалар үчүн үлгү даярдап берет. Анын буюм-кечелери «Күлүшары оюму» деген атта таанылууда. Уздун буюмду көркүнө чыгаруу каражаты «элдик бадам оюмдун» элементине «мүйүз оюмдарын» тутумдаштыруу. Колдонмо-жасалга өнөрүнүн бүтүндөй түрүнө кол тийгизген жез оймокчон, кайкач бармак көп кырдуу уздук Күлүшарыга да таандык көрүнүш. Ал кийизге оюм, кездемеге көчөт түшүрөт, көркөм оюм ыкмасы аркылуу курак курайт. Аруулата жасалган кийиз жана сайма буюмдары дүйнөлүк, Бүткүл союздук жайма базарларга чыгат. Уздун бычмачылык тикмечилик өнөрү да жогору бааланат. Ал кыргыз калпактарынын жердигинен өөн чыгарбай кармайт. Ар кандай формадагы калпактын сегиз түрүн бычып, тигип, ага көркөм оюмдарды жана көчөттөрдү түшүргөн. Аларга: карыялардын, улгайгандардын, күлгүн жигиттердин, өспүрүмдөрдүн, тестиер балдардын, кыздардын кийүүчү «чоктору», шуруланган кызыл-жашыл калпактары кирет. Мындай үлгүлөрү өнөр жайлык негизде көп нускада чыгарылган. Өнөрү көп кырдуулугу аркылуу өлчөнүп, буюмдарынын үлгүлөрү жакын-алыска бирдей тарап, өз чыгармачылыгында өзүнчө жол таап, жаңыны жаратып, ага түр жана мазмун берүүдө. Үйлөрдү жаңыча жасалгалоодо өзүнө тартуучу көркөмдүк берүү күчү бар. Буюм-тайымдары көп кароо-сынактарда жана көргөзмөлөрдө бай экспонаттарынын ичинен акак чөгөргөн зер нускалардай ачык туюлат. Оюм чектерин кеңиткени, көркөм буюмга кадимкидей жан киргизгени менен сүйкүмдөлөт. Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1976-ж. «Элдик кол өнөрчүлөрдүн республикалык кароо-сынагы». Кийиз буюмдары үчүн Кыргыз ССР Жергиликтүү өнөр жай министрлигинин Ш даражадагы диплому; 1978-ж. Фрунзе шаарынын 100 жылдыгына карата «Элдик көркөм кол өнөрчүлөрдүн республикалык кароо-сынагы». Шырдактары үчүн Кыргыз ССР Жергиликтүү өнөр жай министрлигинин II даражадагы диплому; 1982-ж. СССРдин 60 жылдыгына карата «Элдик көркөм кол өнөрчүлөрдүн республикалык кароо-сынагы». Кийиз, сайма, элдик кийимдердин өзүнчө бир бүтүмү үчүн Кыргызстан КП БКвын жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин диплому, республикалык кароо сынактын лауреаты наамы; 1984-ж. Кыргыз ССРинин жана Кыргызстан Компартиясынын 60 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин көркөм буюмдарынын кароо сынагы». Шырдагы, аяк кабы, текчеси жана элдик кийим-кечектери үчүн Кыргызстан КП БКнын жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин диплому; 1989 ж. Кыргызстан Эл чеберлеринин уюштуруу курултайына карата «Элдик чеберлердин республикалык көргөзмөсү». Кийиз буюмдары үчүн ЭЧЖРКнүн III даражадагы диплому, медалы; 1990 ж. «Кыргызстан Эл чеберлер союзунун уюштуруу көргөзмөсү». Кийиз, сайма буюмдары, элдик кийим-кечектери менен катышкан.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0