Селен

Википедия дан
Селен.

Селен (лат. Selenium) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы VIА группа элементи; к.н. 34 ат. м. 78,96. Жаратылышта 6 туруктуу: 74Se; 76Se; 77Se; 80Se; 81Se; 82Se изотоптору аралашмасынан турат. Жасалма ыкма менен да көптөгөн изотоптору алынган. Негизгиси 75Se (Т1/2 =121күн). С. 1817-ж. Я.Берцелиус тарабынан ачылган жана Жер жандоочусу Айдын урматына “selenium” деп аталган. Жер кыртышынын (м. б-ча) 6 ×10-5 % түзөт. С. аз өлчөмдө галенитте, темир, жез, цинк колчеданында кездешет. Минералдары: науманит - Ag2Se, клаусталит - PbSe, тиманит - HgSe, берцелианит - Cu2Se, онофрит - Hg(Se,S), халькоменит - CuSeO3×2H2O. С. - күңүрт боз металл. Бир канча полиморфтуу модификациясы бар, алардын ичинен гексагоналдык (боз) С. кадимки температурада туруктуу; балкып эрүү температурасы 220о ; кайноо температурасы 688 о ; тыгызд. 4,82 г/см3 . С. типтүү жарым өткөргүч. химимялык  бирикмелерде II, IV жана VI валенттүү. Кадимки шартта абада туруктуу, суюлтулган күкүрт к-тасы, кычкылтек жана суу менен аракеттенбейт. Азот к-тасында жана падыша арагында жакшы эрийт. Кычкылтекте же абада ысытканда оксиддери пайда болот. С. белгилүү бирикмелери: оксиддери - SeO 2, Se2O3 ; галогениддери -SeF 4, SeF6, SeCl4, SeBr2, SeBr4, Se2Br2, Se2Cl2 ; оксигалогениддери - SeOF 2, SeOCl2, SeOBr2 ; көмүртек селениди CSe 2, селен нитриди - SeN; фосфиддер – P4Se3, P2Se3, P2Se5 ; селен гидриди - H 2Se; С. к-талары – H2SeO3, H2SeO4 . С. түстүү металлдар калдыгын кайра иштетүүдөн, целлюлоза - кагаз өндүрүшүнүн таштандыларынан, жез электролиттик шламдан алынат. Жарым өткөргүч катары электро-, радиотехникада жана фотоэлементтерди даярдоодо колдонулат. Айнек өндүрүшүндө, боек түрүндө, резинаны вулканизациялоодо, болоттун сапатын арттырууда, гидрогенизация процессинде катализатор катары пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]