Сенатор

Википедия дан

Сенатор – 1) Байыркы Римде сенаттын мүчөсү, б. з. ч. 1-кылымдын аягынан жогорку сословиенин өкүлү.

Сенатор наамы өмүр бою берилген, императордук мезгилде мураска калтырылган же император тарабынан ыйгарылган.

2) Революцияга чейинки Россияда жана азыркы мамлекеттерде сенаттын мүчөсү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.