Сент-Китс жана Невис
Сент-Китс жана Невис Федерациясы | |||||
| |||||
Урааны: «Country Above Self (Өлкө жеке кызыкчылыктардан жогору)» | |||||
Гимн: «O Land of Beauty!» | |||||
![]() | |||||
Эгемендүүлүк күнү | 19-сентябрь 1983-жыл | ||||
Расмий тили | англис тили | ||||
Борбор шаары | Бастер | ||||
Ири шаарлар | Бастер | ||||
Башкаруу формасы | конституциялык монархия | ||||
Монарх Генерал-губернатор Премьер-министр |
Чарльз III Марселла Либурд Терренс Дрю | ||||
Мам. дини | динден тышкары мамлекет | ||||
Аянты • Жалпы |
188-орун - дүйнөдө 261 км² | ||||
Калкы • Бааланган (2021) • Жыштыгы |
47 606 адам (187-орун) 164 ад./км² (64-орун-дүйнөдө) | ||||
ИДӨ (САМ) • Бардыгы (2023) • Ар бир жанга |
1,8 млрд $ (183-орун) 29 893 $ | ||||
ИДӨ (номинал) • Бардыгы • Ар бир жанга |
1 млрд $ (173-орун) 18 158 $ | ||||
АДӨИ | ▼0,777 (жогору) (73-орун) | ||||
Акча бирдиги | Чыгыш Кариб доллары | ||||
Домени | .kn | ||||
ISO коду | KN | ||||
ЭОК коду | SKN | ||||
Телефон коду | +1-869 | ||||
Убакыт аралыгы | UTC −04:00 | ||||
Сент-Китс жана Невис (англ. Saint Kitts and Nevis), расмий аталышы — Сент-Китс жана Невис Федерациясы (англ. Federation of Saint Kitts and Nevis), ошондой эле Сент-Кристофер жана Невис Федерациясы (англ. Federation of Saint Christopher and Nevis)[1] аталышы менен белгилүү болгон — Кариб деңизинby чыгышындагы, Кичи Антил аралдарына таандык Сент-Китс жана Невис аралдарында жайгашкан мамлекет.
Өлкөнүн аянты 261 км². Борбору — Сент-Китс аралында жайгашкан Бастер шаары[2].
Улуу Британиянын падышасы жетектеген Улуттар Шериктештигинин, Бириккен Улуттар Уюмунун, Америка мамлекеттеринин уюмунун, Бүткүл Дүйнөлүк Соода Уюмунун мүчөсү.
Чыгышынан Антигуа жана Барбуда, түштүк-чыгышынан Монсеррат (Улуу Британиянын деңиздин ары жагындагы аймагы), түндүк-батышынан Синт-Эстатиус (Нидерланддын атайын муниципалитети), түндүгүнөн Сен-Бартелми (Франциянын деңиздин ары жагындагы коомчулугу) менен чектешет. Бардык чек аралары деңиз аркылу өтөт жана башка мамлекеттер менен кургактык аркылуу өткөн чек арасы жок[2].
Жээк тилкесинин жалпы узундугу 135 км. Расмий тили — англис тили[3].
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Сент-Китс аралынын байыркы тургундары европалыктар келгенге чейин бул жерде жашаган кариб уруулары болгон. Арал коңшу Невис аралы менен бирге 1493-жылы Христофор Колумбдун Жаңы Дүйнөгө болгон экинчи экспедициясын учурунда ачылган. Бирок, испандыктар бул жерлерди колонияга айландырган эмес жана көп көңүл бурушкан эмес.
1623-жылы Сент-Кристоферде (Сент-Китстин эски аталышы) Вест-Индиядагы алгачкы англиялык отурукташкан жай пайда болгон. Аралда 1624-жылы француздардын отурукташкан жайы негизделген.

1625-жылдан тарта Барбадос аралы менен бирге Сент-Китс аралы Улуу Британиянын колониясына айланып, арал Британиянын бул аймактардагы башка аралдарды басып алуудагы базасына айланган. Ушул себептен улам бул арал «Вест-Индиядагы англиялык колониялардын энеси» деген каймана аталышты алган. Аралдын түндүк-батыш тарабында, Кариб деңизи үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон Бримстоун чебинин жакшы сакталган урандылары жайгашкан. Бул чепти «Кариб деңизинин Гибралтары» деп да атап коюшат[4].

1626-жылы англиялыктардын жана француздардын биргелешкен жазалоочу отряддары жергиликтүү индей калкына каршы кыргын уюштурушкан. Бул окуяда болжол менен 4000 адам каза болгон жана кандуу кыргын болгон дарыянын өрөөнү «Кандуу дарыя» деп аталып калган.
1629-жылы Англия менен Испаниянын ортосундагы согуш учурунда Сент-Китс аралы үчүн салгылашуу болгон[5].
XVII кылымдан баштап Улуу Британия менен Франциянын ортосунда аралдар үчүн күрөш жүргүзүшкөн. Бул күрөш 1783-жылы Версаль тынчтык келишимине кол койгондон кийин аяктап, аралдар толугу менен Британиянын карамагына өткөн.
1871-жылдан тарта бул аралдар Сент-Кристофер–Невис–Ангилья аттуу англиялык колониянын курамында болгон, ал эми 1958–1962-жылдары Вест-Индия Федерациясынын курамында болгон[6].
1967-жылы Сент-Китс, Невис жана Ангилья Улуу Британия менен ассоциацияланган, ички башкарууга ээ болгон мамлекет макамын алышкан. Тышкы саясат жана коргонуу маселелери Британиянын карамагында калган. 1967–1969-жылдары премьер-министр Роберт Брэдшоу башында турган өкмөт учурунда, Ангильянын тургундары федерациядан чыгуу жана көз карандысыз республика түзүү боюнча шайлоо өткөрүп, анын жыйынтыгында бир тараптуу көз карандысыздыгын жарыялашкан. 1969-жылдын март айында британ аскерлери аралга киргизилгенден кийин, Ангилья расмий түрдө Сент-Китс жана Невистин курамына кайтарылган. 1980-жылы Ангилья расмий түрдө өзүнчө аймактык бирдик катары бөлүнгөн.
1983-жылдын 19-сентябрынан тарта Сент-Китс жана Невис Федерациясы толугу менен көз карандысыз мамлекет[6].
1998-жылы Невис аралы федерациядан бөлүнүп, өзүнчө мамлекет болуу боюнча референдум өткөргөн. 62% шайлоочулар «макул» деп добуш беришкен, бирок мыйзам боюнча бөлүнүү үчүн жок дегенде 2/3 же 66.7% шайлоочулардын макулдугу талап кылынгандыгына байланыштуу чечим кабыл алынган эмес.
Географиясы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сент-Китс жана Невис — Кариб деңизиндеги Айдарым аралдарына тобуна кирген эки аралдан турган мамлекет. Жалпы аянты — 261 км² (Сент-Китс аралы — 168 км², Невис аралы — 93 км²). Аралдардын экөө тең жанар тоонун активдүүлүгүнөн пайда болгон жана рельефи тоолуу келет.
Сент-Китс аралы түндүк-батыштан түштүк-чыгышка карай 37 кмге созулуп жатат. Арарлдын борборунда эң бийик чекити — өчкөн Льямиуга жанар тоосу (бийиктиги 1155 м) жайгашкан. Жанар тоонун кратеринде көл орун алган. Сент-Китс аралынын түштүк-чыгыш бөлүгү түз жарым арал болуп эсептелет (бийиктиги 22 мден ашпайт), анда туздуу көлдөр арбын. Жээги кумдуу, айрым жээктеринде кумдун түсү кара же кара-күрөң келет[7].
Невис аралы Сент-Китстен 3 км түштүгүрөөк жайгашкан жана эки аралды Те-Нарроус кысыгы бөлүп турат. Аралдын формасы дээрлик тегерек. Арал толугу менен байыркы жанар тоонунун атылышынан пайда болгон жер породаларынан турат.
Эки арал тең коралл рифттери менен курчалган. Рифт менен жээк аралыгында тайыз лагуналар жайгашкан. Аралдардын айланасында көп сандаган майда агымдар бар. Сент-Китс аралынын түштүк-чыгыш жарым аралы кургак келет, бадал жана өсүмдүктөр менен капталган.
Климаты
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Сент-Китс жана Невистин климаты тропикалык пассаттык. Бул климат жыл бою туруктуу келет жана жогорку температуралар, жогорку нымдуулук менен мүнөздөлөт. Аралдар Кариб деңизинин Айдарым аралдар тобунда жайгашкандыктан, аларга түндүк-чыгыштан согуп турган пассат шамалдарынын таасири чоң[8]. Жылдык орточо абанын температурасы +25тен +27 градуска чейин жетет. Күндүз абанын температурасы көбүнчө учурларда +30…+32 градуска чейин көтөрүлөт, түнкүсүн кээде +18 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн. Жалпысынан алганда абанын температурасынын жылдык өзгөрүшү көп байкалбайт, климат дээрлик бир калыпта[9].
Жаан-чачын жыл бою жаап турат жана абанын нымдуулугу дайыма жогору. Так аныкталган нымдуу же кургакчыл мезгил жок. Бирок августтан ноябрга чейин жаан-чачын бир аз көбүрөөк болушу мүмкүн. Жээк аймактарда жылдык жаан-чачын көлөмү орто эсеп менен 1500 миллиметрди түзөт, ал эми тоолуу райондордо бул көрсөткүч 3000–3700 миллиметрге чейин жетет. Жаан-чачын көп учурда кыска мөөнөттүү жана нөөшөрлүү. Кээде күн ысык жана ачык болуп туруп, түштөн кийин күтүүсүз жаан жаашы мүмкүн[10].
Сент-Китс жана Невис ошондой эле тропиктик бороондор коркунучу бар аймакта жайгашкан. Айрыкча августтан октябрга чейинки мезгилде бул аралдар катуу шамалдарга, жаан-чачынга жана нымдуулуктун кескин жогорулашына дуушар болушу мүмкүн. Катуу бороондор айрым жылдары инфраструктурага жана айыл чарбасына зыян келтирген фактылар катталат[10].
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Эки аталышы тең Сент-Китс жана Невистин Конституциясында жазылган
- ↑ 2.0 2.1 CIA. The World Factbook. Сент-Китс жана Невис
- ↑ Nations Online. Өлкөлөр жана тилдер
- ↑ Leonard M. Adkins. The Caribbean - A Walking and Hiking Guide (Caribbean Walking and Hiking Guide)
- ↑ Hubbard, Vincent K. A history of St Kitts : the sweet trade
- ↑ 6.0 6.1 CIA. The World Factbook. Сент-Китс жана Невис
- ↑ One World-Nations Online. Saint Kitts and Nevis
- ↑ Contry aah. Climate of Saint Kitts and Nevis
- ↑ Blue Green Atlas. The Climate of Saint Kitts and Nevis
- ↑ 10.0 10.1 Weatherandclimate.co.uk. The climate of Saint Kitts and Nevis
Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Сент-Китс жана Невис Федерациясынын Өкмөтү
- Сент-Китс жана Невис Федерациясынын инвестициялык жарандыгы боюнча программасы
- Сент-Китс жана Невис Федерациясынын инвестициялар агенттиги
- Сент-Китс жана Невис Федерациясынын финансылык кызматтарды жөнгө салуу комиссиясы
- Сент-Китс жана Невис Федерациясынын жарандык алуу боюча программасы
- Сент-Китс жана Невис Федерациясынын туруктуу өнүгүү министрлиги алдындагы статистика департаменти
- Невис аралындагы туризм башкармалыгы
- Сент-Китс жана Невис Федерациясынын туризм башкармалыгы
Түндүк Америка өлкөлөрү | ||
---|---|---|
Эгемендүү мамлекеттер | Антигуа жана Барбуда • Багама аралдары • Барбадос • Белиз • Гаити • Гватемала • Гондурас • Гренада • Доминика • Доминикана Республикасы • Канада • Коста-Рика • Куба • Мексика • Никарагуа • Панама • Сальвадор • Сент-Люсия • Сент-Винсент жана Гренадиндер • Сент-Китс жана Невис • АКШ • Тринидад жана Тобаго • Жамайка | ![]() |
Көз каранды аймактар | Америкалык Виргин аралдары • Ангилья • Аруба • Бонайре, Синт-Эстатиус жана Саба • Британиялык Виргин аралдары • Испаниялык Виргин аралдары • Гваделупа • Гренландия • Кайман аралдары • Клиппертон • Кюрасао • Мартиника • Монтсеррат • Навасса • Пуэрто-Рико • Сан-Андрес жана Провиденсия • Сен-Бартелеми • Сен-Мартен • Сен-Пьер жана Микелон • Синт-Мартен • Теркс жана Кайкос аралдары • Венесуэланын федералдык ээликтери |