Сен-Бартелеми
| |||
| | |||
| Өлкө | |||
|---|---|---|---|
| Статусу |
Деңиздин ары жагындагы коомдоштук | ||
| Административдик борбор |
Густавия | ||
| Ири шаары |
Густавия | ||
| Негизделген күнү |
22-февраль 2007-жыл | ||
| Префект |
Сирил Ле Вели | ||
| Аймактык кеңештин төрагасы |
Ксавье Леде | ||
| Расмий тили |
француз тили | ||
| Калкы |
10 585 | ||
| Жыштыгы |
423 адам/км² | ||
| Улуттук курамы |
француздар, гваделупалыктар, гаитиликтер | ||
| Диний курамы |
католиктер (протестанттар, иудейлер) | ||
| Аянты |
25 км² | ||
| Деңиз денгээлинен бийиктиги • Бийик чекити • Эң төмөнкү чекити | |||
| Убакыт аралыгы | |||
| Коду ISO 3166-2 |
BL | ||
| Индекси FIPS |
TB | ||
| Телефон коду |
+590 | ||
| Почта индекси |
97133 | ||
| Интернет-домени | |||
| Автоунаа номурунун коду |
F | ||
| Расмий сайты | |||
Сен-Бартелеми (фр. Collectivité de Saint-Barthélemy) — Франциянын деңиздин артындагы шериктештиги, ушул эле аталыштагы аралды жана ага жанаша жайгашкан бир катар майда аралчаларды курамына камтыйт.
2007-жылдын 22-февралында түзүлгөн. Мурун Франциянын деңиз артындагы департаменти Гваделупанын курамына кирген.
Валютасы — евро. Домендери — .bl (колдонулбайт), .gp, .fr. Саат алкагы — UTC−4:00. Телефон коду — 590. ISO коду — BL.
Аянты — 21,4 км², калкы — 10 004 адам, административдик борбору — Густавия. Аралдын оозеки тилде кеңири жайылган кыскача аталыштары — Сен-Барт (фр. Saint-Barth), Сен-Бартс (фр. Saint-Barths).
Сен-Бартелеми аймагынын негизги калкы Сент-Люсияда жана Кариб бассейнинин өлкөлөрүндө (Барбадос, Нидерланд Антиль аралдары) жашаган кечуа-мулаттардан келип чыккан.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Аралды 1493-жылы Христофор Колумб ачып, аны бир тууганы Бартоломео Колумбдун колдоочусу деп эсептелген апостол Варфоломейдин (Бартоломеонун) урматына атаган.
1648-жылы аралга француздар отурукташа баштаган.
1653-жылы аны Мальта ордени сатып алып, өз ээлигине айландырган.
1665-жылы арал кайрадан француздарга өткөрүлүп берилген[1]. Француз деңиз каракчыларыы аралды баш калкалоочу жай катары колдонушкан. Испан галеондорун карактоодон түшкөн эбегейсиз байлык экономикалык турмуштун өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн. «Кыйратуучу» каймана аты бар белгилүү деңиз каракчысы Даниэль Монбардын штабы ушул аралда болгон деген болжол бар. Анын катылган казынасы ушул күнгө чейин Anse du Gouverneur булуңунда же Saline кумдарынын арасында көмүлүү бойдон калышы мүмкүн. Убакыттын өтүшү менен деңиз каракчылары соодагерлерге, балыкчыларга жана майда фермерлерге айланышкан. Көлөмүнүн чакандыгынан, таштак рельефинен жана суунун тартыштыгынан улам Сен-Бартелеми Кариб чөлкөмүндөгү башка ири аралдар сыяктуу «шекер экономикасынын» бөлүгүнө айлана алган эмес.
1763-жылы аралга Нормандия жана Бретандан келген француз деңизчилери кайрадан отурукташкан[2].
1784-жылы Франция Сан-Бартелемини шведдерге саткан, ал эми шведдер анын эң ири конушун жана портун Швед падышасы Густав III урматына Густавия деп өзгөртүшкөн. Людовик XVI министрлеринин бири тарабынан ишке ашырылган бул келишимдин натыйжасында, башка нерселер менен катар, француздарга шведдердин Гётеборг портунда бир катар соода жеңилдиктери берилген. Башында аралдын губернатору швед падышасынын кызыкчылыгын гана коргогон, ал эми административдик милдеттер, бардык мүлктү башкаруу, салыктарды жыйноо, бажы кызматкерлерин дайындоо «Швед Вест-Инд компаниясынын» колунда болгон[2].
Швециянын бийлиги астындагы нейтралдуу арал катары XVIII жана XIX кылымдардагы колониялык согуштардын бардык катышуучулары үчүн маанилүү соода борбору болгон.
1801-жылы аралды англичандар басып алган.
1802-жылы англичандар аралды Швецияга кайтарып беришкен.
1815-жылы административдик милдеттер губернаторго өткөрүлгөн.
Англия-америка жана испания-түштүк америка согуштар учурунда өзүнүн макамынын аркасында Густавия жогорку экономикалык гүлдөп-өнүгүүгө жетишкен. Бирок кийинчерээк көптөгөн кагылышуулар аяктап, желкендүү кемелердин ордун пароходдор баскандыктан, арал өз маанисин жоготкон[2].
1847-жылы швед бийлиги мурда француздар тарабынан аралга алынып келинген мулат жана негр кулдарына эркиндик берген жана алардын көбү Гваделупага жана башка аймактарга көчүп кетишкен[2].
Аралга ээлик кылуудан келип чыккан өсүп жаткан чыгымдар швед өкмөтүн аны мурунку ээлерине сатуу маселесин кароого мажбур кылган. Норвегия жана Швеция падышасы Оскар II аралды Францияга 320 000 франкка саткан. 1877-жылы 10-августта Парижде түзүлгөн келишим боюнча (Швеция 1877-жылы 9-ноябрда, ал эми Франция 1878-жылы 4-мартта ратификацияланган), арал кайрадан Франциянын ээлигине өтүп, Гваделупанын курамына кирген.
Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин, 1946-жылы Франция өзүнүн мурунку колонияларын кайра уюштуруп, Сен-Бартелеми Гваделупа деңиз артындагы департаментинин округу болуп калган.
2003-жылы аралдын калкы Гваделупадан бөлүнүү үчүн добуш берген.
2007-жылдан бери Сен-Бартелеми Сен-Мартен менен бирге деңиз артындагы шериктештик макамына ээ[3].
Географиясы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Аралдын жээктери аскалуу келип (бирок кумдуу жээк тилкелери да бар), айланасы коралл рифтери жана майда аралчалар менен курчалган. Аралдын борбордук бөлүгү дөбөлүү (эң бийик чекити — 286 м).
Дарыялар, суулар жана башка тузсуз суу булактары жок.
Пуэрто-Рикодон жана ага жакыныраак жайгашкан Виргин аралдарынан чыгышты көздөй болжол менен 250 чакырым аралыкта орун алган Сен-Бартелеми аралы Сен-Мартен жана Ангилья аралдарынын түштүк-чыгышында жайгашкан. Сен-Мартен аралынан Сен-Бартелеми кысыгы аркылуу бөлүнүп турат. Саба жана Синт-Эстатиус аралдарынын түндүк-чыгышында, ошондой эле Сент-Китстин түндүгүндө орун алган[4].
Жээктен алысыраакта бир нече майда ээн аралдар жайгашкан, алардын эң ирилери: Иль-Фуршю, Иль-Коко, Иль-Шевро (Иль-Бонхомм), Иль-Фрегат, Иль-Ток-Вер, Иль-Тортю, Рош-Плат (Табль-а-Дьябль) жана Мансель же Ла-Пуль-э-ле-Пуссен[4].
Ошондой эле Ла-Петит-Излет, Лилье-о-Ван, Иль-Пеле, Иль-ле-Буланже, Рош-ле-Бёф, Иль-Пети-Жан, Лан-Руж, Ле-Гро-Изле, Ла-Бален-де-Гро-Изле, Пэн-де-Сюкр, Ле-Бален-дю-Пэн-де-Сюкр, Фурми, Ле-Пети-Сен, Рош-Руб, Ле-Бален-де-Гран-Фон жана Ле-Гренаден сыяктуу көптөгөн майда аралчалар бар[4].
Климаты
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Сен-Бартелеми аба ырайы | |||||||||||||
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| Көрсөткүч | Үчт | Бир | Жал | Чын | Буг | Кул | Тек | Баш | Аяк | Тог | Жет | Беш | Жыл |
| Абсолюттук максимум, °C | 32,2 | 32,0 | 32,5 | 33,0 | 33,5 | 34,0 | 35,0 | 35,5 | 34,8 | 34,2 | 33,2 | 32,4 | 35,5 |
| Орточо максимум, °C | 28,8 | 28,7 | 29,0 | 29,5 | 30,4 | 31,1 | 31,5 | 31,7 | 31,3 | 30,8 | 30,2 | 29,5 | 30,2 |
| Орточо температура, °C | 26,2 | 26,0 | 26,4 | 26,9 | 27,8 | 28,5 | 28,8 | 28,9 | 28,5 | 28,1 | 27,5 | 26,8 | 27,5 |
| Орточо минимум, °C | 23,6 | 23,4 | 23,7 | 24,3 | 25,2 | 25,9 | 26,1 | 26,1 | 25,7 | 25,3 | 24,8 | 24,1 | 24,9 |
| Абсолюттук минимум, °C | 19,5 | 18,9 | 19,0 | 19,8 | 20,4 | 21,2 | 21,8 | 21,5 | 21,0 | 20,2 | 19,8 | 19,0 | 18,9 |
| Жаан-чачын нормасы, мм | 79 | 78 | 78 | 79 | 80 | 79 | 78 | 78 | 79 | 80 | 80 | 79 | 79 |
| Булак: Météo-France | |||||||||||||
Калкы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Калкынын санынын тарыхы | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
|
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
![]() | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| Official figures from French and Swedish censuses.[5][6][7][8] Census date for censuses after 1999 is 1 January. | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Erik Olof Emanuel Högström. S. Barthelemy under svenkt välde
- 1 2 3 4 Wimco St Barth Properties. History of St. Barths Island
- ↑ K. C. Nash. St Barts Travel Adventures
- 1 2 3 Barnett, Edward; Great Britain. Hydrographic Office (1876). The West India pilot: The Caribbean Sea, from Barbados to Cuba; with the Bahama and Bermuda islands, and Florida Strait
- ↑ Les recensements de la population de Saint-Barthélemy : 1671 à nos jours (фр.).
- ↑ INSEE. Populations légales 2007. Recensement de la population - Population des départements et collectivités d'outre-mer (фр.).
- ↑ INSEE. Populations légales 2012. Recensement de la population - Population des départements et collectivités d'outre-mer (фр.).
- ↑ INSEE. Populations légales 2017 des départements et collectivités d'outre-mer (фр.).
Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Түндүк Америка өлкөлөрү | ||
|---|---|---|
| Эгемендүү мамлекеттер | Антигуа жана Барбуда • Багама аралдары • Барбадос • Белиз • Гаити • Гватемала • Гондурас • Гренада • Доминика • Доминикана Республикасы • Канада • Коста-Рика • Куба • Мексика • Никарагуа • Панама • Сальвадор • Сент-Люсия • Сент-Винсент жана Гренадиндер • Сент-Китс жана Невис • АКШ • Тринидад жана Тобаго • Жамайка | |
| Көз каранды аймактар | Америкалык Виргин аралдары • Ангилья • Аруба • Бонайре, Синт-Эстатиус жана Саба • Британиялык Виргин аралдары • Испаниялык Виргин аралдары • Гваделупа • Гренландия • Кайман аралдары • Клиппертон • Кюрасао • Мартиника • Монтсеррат • Навасса • Пуэрто-Рико • Сан-Андрес жана Провиденсия • Сен-Бартелеми • Сен-Мартен • Сен-Пьер жана Микелон • Синт-Мартен • Теркс жана Кайкос аралдары • Венесуэланын федералдык ээликтери | |
