Мазмунга өтүү

Серафимовна свитасы

Википедия — ачык энциклопедия

Серафимовна свитасы - Тянь-Шанда кездешүүчү, неоген мезгилинде пайда болгон тоо тек катмары.

Чүй, Кочкор, Жумгал жана Кетмен-Төбө өрөөндөрүндө кеңири тараган.

1962-ж. Л. И. Турбин жана В. А. Грищенко аны Чүй өрөөнүндө өзүнчө болуп, Серафимовна айылынын аты менен атаган. Свита негизинен ак, саргыч, жашыл, күрөң, кызгылт түстөгү чопо кабатынан түзүлгөн. Жалпы калыңдыгы 1800 гө чейин.

Арасында туз (галит, глауберит) линзалары кезигет. Айрым геологдор (С. С. Шульц, В. Н. Огнев, А. Т. Турдукулов ж. б.) Серафимовка свитасын миоцендин башталышында жана ортосунда пайда болгон деп эсептешет. Свитада таш туз кендери кезиккендиктен анын практикалык мааниси бар.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.