Серпилгичтик

Википедия дан

Серпилгичтик - нерсеге аракет кылган сырткы күчтүн таасири токтогондо ал нерсенин көлөмү менен формасынын (катуу перселердин) же көлөмүнүн (суюк жана газдын) баштапкы абалына келүү касиети.

Мындай касиетке ээ болгон нерселер серпилгич нерселер деп аталат. Катуу нерселерде молекулалар менен атомдордун ортосундагы өз ара тартылыш жана түртүлүш күчтөр болгондуктан серпилгич деформация кезинде алардын көлөмү менен кошо формасы да өзгөрөт.

Газдарда көлөмдүк Серпилгичтик молекулалардын жылуулук кыймылы менен шартталат.

Серпилгич деформация кезинде нерсенин өлчөмүнүн өзгөрүшү ага аракет этүүчү күчкө пропорциялаш, к. Гук мыйзамы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.