Серпилгичтик модулу

Википедия дан

Серпилгичтик модулу - материалдын серпилгич касиеттерин мүнөздөөчү чоңдук.

Гук мыйзамы аткарылып, деформациясы аз, б. а. чыңалуу менен деформациянын ортосунда сызыктуу көз карандылык болгондо Серпилгичтик модулу - ал чоңдуктардын катышындагы пропорциялаш коэффициент. Ал огу боюнча созулуудагы-кысылуудагы (Юнг модулу, нормалдуу серпилгичтик модулу), жылышуудагы (жылышуу модулу), бардык жагынан кысылуудагы (көлөмдүк серпилгичтик модулу) Серпилгичтик модулу болуп айырмаланат.

Серпилгичтик модулу материалдын бекемдигин, деформацияга каршылыгын, туруктуулугун эсептөөдө, ошондой эле атомдордун ортосундагы байланыш чени катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.