Серпилгичтик теориясы

Википедия дан

Серпилгичтик теориясы -туташ чөйрө механикасынын бир бөлүмү; ал сырткы күчтүн, жогорку температуранын өзгөрүшүнөн ж. б. себептин натыйжасында серпилгич катуу нерселердин деформациясын изилдейт.

Серпилгичтик теориясы машинанын, курулманын бөлүктөрүнүн бекемдигин, туруктуулугун илимий эсептөөчү жалпы теориялык негиз болуп эсептелет.

Серпилгичтик теориясынын негизи - серпилгичтиктин физикалык мыйзамдары (к. Серпилгичтик). Нерсенин структуралык элементтери (мисалы, металлда кристалл бүртүкчөсү) нерсеге салыштырганда өтө кичине болгондуктан серпилгич чөйрө (нерсе) туташ жана үзгүлтүксүз деп каралат.

Серпилгичтик теориясы сейсмология, инженердик курулмалар, чыңалууну, деформацияны эсептөө, машина куруу жана башкаларда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.