Серпилме деформация

Википедия дан

Серпилме деформация - нерсеге сырттан таасир эткен күчтү токтоткондо ал нерсени кайра алгачкы калыбына келтирүүчү деформация.

Серпилме деформация бардык катуу заттын касиеттеринин бири. Адатта Серпилме деформация катуу нерселер үчүн өтө кичине.

Серпилме деформация чоңдугу атайын даярдалган билдиргичтерди колдонуу, нерсенин түзүлүшүн сүрөткө тартып анализдөө жолдору менен аныкталат.

Ал техникада, өзгөчө курулушта жана машина курууда өтө маанилүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.