Сеута
| |||
| Өлкө | |||
|---|---|---|---|
| Статусу |
Автономдуу шаар | ||
| Административдик борбор | |||
| Мэр-президент |
Хуан Хесус Вивас | ||
| Расмий тили | |||
| Калкы (190-орун) |
84 519 (190-орун-орунда) | ||
| Жыштыгы |
4555 адам/км² | ||
| Аянты |
18,5 км² (187- орунда) | ||
| Деңиз денгээлинен бийиктиги • Бийик чекити • Эң төмөнкү чекити | |||
| Тууралыгы | |||
| Узундук | |||
| Убакыт аралыгы | |||
| Коду ISO 3166-2 |
ES-CE | ||
| Телефон коду |
+856 жана +956 | ||
| Интернет-домени | |||
| Автоунаа номурунун коду |
CE | ||
| Расмий сайты | |||
Сеута (исп. Ceuta, ар. سَبْتَة, бербер. ⵙⴰⴱⵜⴰ) — Африканын түндүк жээгинде Гибралтардын маңдайында жайгашкан Испаниянын автономиялуу шаары. Марокко бул аймакты өзүнүн тарыхый аймагым деп эсептесе да, Испания Сеутанын үстүнөн өз эгемендигин толук мыйзамдуу деп санап келүүдө.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- б.з.ч. 250 000-жыл – Сеута аймагына биринчи адамдар келе башташкан.
- б.з.ч. VII кылым – Шаар финикиялык колонисттер тарабынан негизделип, кийинчерээк грек-фокейлер басып алып, шаарды «Гепта Адельфой» (Hepta Adelphoi – «Жети тууган») деп аташкан.
- б.з.ч. 319-жыл – Карфаген шаардын бул аймакты кайрадаган өз ээлигине кайра алган.
- б.з.ч. 201-жыл – Карфаген Нумидия падышалыгынан жеңилип калып, шаарды Нумидия падышалыгынын карамагына берет.
- б.з.ч. 47-жыл – Шаар Мавретаниянын ээлигине айланат.
- б.з. 40-жыл – Рим императору Калигула Мавретания падышалыгын Рим империясына кошот, жана Сеута Мавретаниянын Тингитананын провинциясынын курамында калат.
- 429-жыл – Түндүк Африка менен Сеута вандалдардын бийлиги астында калат.
- 534-жыл – Византиялык кол башчы Велизарий шаарды багындырат жана Сеута 709-жылга чейин Византиянын бир бөлүгү болуп калат.
- 709-жыл – Шаар мусулмандардын карамагына өтөт.
- 788-жыл – Сеута Идрисиддер эмирлиги тарабынан басып алынат.
- 931-жыл – Шаар Кордова халифатынын курамына кирет.
- 1026–1061-жылдар – Малага тайфасынын бийлиги астында болгон.
- 1061–1084-жылдар – Тайфа башкаруусунда болгон.
- 1084-жыл – Юсуф ибн Ташуфин Сеутада альморавиддер династиясын негиздеген (1084–1147)[1].
- 1147–1232-жылдар – Альмохаддар империясынын курамында.
- 1232–1233-жылдар – Мурсиянын бийлиги астында болгон.
- 1233–1236-жылдар – Тайфа башкаруусунда болгон.
- 1236–1242-жылдар – Мариниддер династиясынын бийлиги астында болгон.
- 1242–1249-жылдар – Хафсиддер династиясынын бийлиги астында болгон..
- 1249–1305-жылдар – Тайфа башкаруусунда болгон.
- 1305–1309-жылдар – Гранада эмирлигинин курамында.
- 1309-жыл – Шаар Фес падышалыгы тарабынан Арагондун колдоосу менен басып алынат.
- 1309–1310-жылдар – Мариниддердин бийлиги астында болгон.
- 1310–1314-жылдар – айфа башкаруусунда болгон.
- 1314–1315-жылдар – Мариниддердин бийлиги астында болгон.
- 1315–1327-жылдар – Тайфа башкаруусунда болгон.
- 1327–1384-жылдар – Мариниддердин бийлиги астында болгон.
- 1384–1386-жылдар – Гранада эмирлигинин курамында.
- 1386–1415-жылдар – Мариниддердин бийлиги астында болгон.

- 1415-жылы 21-августа Португалиянын королу Жуан I уулдары Дуарти, Педру жана Энрике менен Сан-Амаро жээгине келип, Сеутаны басып алат. Педру ди Менезиш шаарды биринчи губернатору жана капитан-генералы катары башкарып баштайт[2].
- 1479 жана 1494-жылдардагы Алькасоваш жана Тордесильяс келишимдеринин негизинде Сеута Португалиянын бийли астында экени таанылат.
- 1580-жыл – Себастиян падышасы каза болгондон кийин, Иберия униясынын негизинде Португалия Испаниянын курамына кирет.
- 1640-жыл – Португалия өз көз карандысыздыгын кайрадан кайтарган соң, Сеута ага кошулбай кайра кошулбай, Испаниянын падышасы Филипп IV бийлиги астында калууну чечет[3].
- 1668-жыл – Португалия Сеутанын үстүнөн Испаниянын эгемендигин расмий тааныйт.
- 1694–1727-жылдары Сеута Марокко тарабынан 33 жыл бою курчоого алынат. Бул тарыхтагы эң узак созулган документтештирилген курчоо болуп саналат. Курчоого карабай шаар Испаниянын карамагында кала берет.
- 1956-жыл – Марокко көз карандысыздыкка жетишет. Ага Тарфая жана Испан Мароккосу өткөрүлүп берилет, бирок Сеута, Мелилья жана Ифни Испаниянын кармагында калат. Кийинки деколонизация Ифнини 1969-жылы Мароккого өткөрүү менен аяктаган.
- 1986-жыл – Испания Европа Экономикалык Шериктештигине мүчө болуп кирет.
- 1995-жыл – Сеута шаарынын автономиялуулук макамы жөнүндөгү мыйзам кабыл алынган[4].
Географиясы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Сеута Испаниянын Түндүк Африкадагы, Жер Ортолук деңизинин жээгиндеги, Гибралтар кысыгынан 21 чакырым аралыкта жайгашкан аймагы. Анын жалпы аянты 18,5 км²[5], калкы болжол менен 85 000 адамды түзөт. Географиялык координаттары — 35°53′ түндүк кеңдик жана 5°18′ батыш узундук.
Шаар түндүгүнөн Жер Ортолук деңизинин суулары менен чулганат, ал эми түштүк, чыгыш жана батыш тарабынан Марокконун Тетуан жана Фнидек аймактары менен кургактак аркылуу чектешет. Марокко менен чек арасынын узундугу болжол менен 8 чакырымга жетет. Сеута Европанын саясий аймагы катары эсептелгени менен, географиялык жактан Африка континентинде жайгашкан.
Аймагынын рельефи тоолуу, адырлуу жана жээктери таштуу келет. Эң бийик жери — Монте-Ачо тоосу (Monte Hacho), анын бийиктиги 204 метрге жетет. Сеутада Жер Ортолук деңизине мүнөздүү субтропикалык климат өкүм сүрөт. Жайы ысык жана кургак (июль айында абанын орточо температурасы +28 °C), кышында жумшак жана нымдуу (январда абанын орточо температурасы +12°C). Жылдык жаан-чачындын көлөмү 500дөн 800 ммге чейин жетет[6][7].
Шаар Пиреней жарым аралы менен негизинен деңиз аркылуу байланышат. Испаниянын Альхесирас шаары менен туруктуу паром каттамдары бар. Европага багытталган мыйзамсыз миграциянын алдын алуу максатында Сеутанын чек арасы күчөтүлгөн коопсуздук чаралары менен корголгон: 8 метр бийиктиктеги тосмо, көзөмөл пункттары жана видео байкоо системалары орнотулган.
Сеута — дүйнөдөгү эң өзгөчө геосаясий аймактардын бири. Географиялык жактан Африкада жайгашканы менен, Европага караштуу административдик аймак болуп эсептелет[8].
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ The Encyclopaedia of Islam
- ↑ Historia. Instituciones. Documento. López de Coca Castañer, José Enrique (1998). Granada y la expansión portuguesa en el Magreb extremo
- ↑ Kamen, Henry (1997). Philip of Spain. Yale University Press. p. 177. ISBN 978-0-300-07800-8.
- ↑ Ley Orgánica 1/1995, de 13 de marzo, de Estatuto de Autonomía de Ceuta.
- ↑ abcViajes. Turismo. Ceuta, cuatro mundos por descubrir
- ↑ Weatherbase. Ceuta, Spain – Climate Summary
- ↑ AEMET. Valores climatológicos normales. Ceuta
- ↑ Ferrer-Gallardo, Xavier (2008). The Spanish–Moroccan border complex: Processes of geopolitical, functional and symbolic rebordering. Political Geography. 27 (3): 301–321. doi:10.1016/j.polgeo.2007.12.004.
