Мазмунга өтүү

Сигма s- жана Пи (p)- байланыштар

Википедия — ачык энциклопедия

Сигма s- жана Пи (p)- байланыштар – атомдор ядросун бириктирүүчү сызыктарга карата, өз ара аракеттенишүүчү атомдор электрондук булуттар өз ара жабылуусу жана электрондук булуттардын бөлүнүү симметриясынын мүнөзү боюнча айырмалануучу байланыштар. Сигма- байланыш-электрондук тыгыздыктын максимум мааниси, атомдор ядросун бирииктирүүчү окко карата багытталган коваленттик байланыш. Мисалы, суутек мол-сында Н2 s-байланыш 1s-электрондук орбиталынын өз ара жабылуусунан, F2 мол-сында 2p орбиталдын өз ара жабылуусунан пайда болот. Орг. мол-ларда s-байланыш көмүртек атому гибриддик орбиталдары катышуусунда пайда болот. Мисалы, метан мол-сында төрт s-байланыш, төрт sp3 гибриддешкен орбиталдын суутек атомдор төрт s-орбиталдары менен аракеттенишүүсүнөн пайда болот. Метан мол-сы борборунда көмүртек атому жайгашкан тетраэдрдик формага ээ болот. Байланыштар ортосундагы бурчтун мааниси 109,50. p-байланыш s-байланыштан сапаты боюнча айырмаланат. Ал электрондун октору өз ара жарыш жайгашкан, спиндери карама-каршы p-орбиталдар өз ара жабылуусунан пайда болот. p-электрондор ядродон алыс жайгашкандыктан жана ядро менен начар байланышкандыктан s-байланыш уюлдуулугу, p-байланышка караганда жогору болот да, уюлдаштыруучу реагенттер таасиринде тез жылышат. Натыйжада реакцияга жөндөмдүү келет.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]