Сидней Университети

Сидней Университети (англ. University of Sydney; USyd) - Сиднейдеги Австралиялык мамлекеттик илимий-изилдөө университети болуп саналат. Ал 1850-жылы негизделген, жана ал Австралиянын биринчи университети болуп саналат, жана ошондой эле дүйнөдөгү алдыңкы жогорку окуу жайларынын бири болуп эсептелинет. Университеттте 16 факультет жана мектептер бар - бакалавр, магистратура жана докторлук даражаларды сунуштайт. 2011-жылга карата университетте 32.393 студент жана 16.627 бүтүрүүчү болгон.
Ал Австралиядагы кум таш жогорку окуу жайларынын бири катары белгилүү. Британиялык Daily Telegraph жана Huffington Post боюнча кампусу дүйнөдөгү эң кооз 10 жогорку окуу жайлардын бирине кирет.
Бүтүрүүчүлөрү жана мугалимдер арасындагы беш Нобель жана эки Crafoord лауреаттары окуу жай менен байланышы болгон. Университет төрт премьер-министр, 24 Австралиянын Жогорку сотунун судьялары жана башкы судьяларын чыгарган. Сиднейден 24 Родос жана бир нече Гейтс окумуштуулары чыккан.
Сидней Университети "Сегиз топтун", Академиялык консорциум 21дин, Тынч океандык ЖОЖдордун бирикмесинин (APRU), Түштүк-Чыгыш Азия жогорку окуу мекемелеринин бирикмесинин, Австралия-Африка университеттер тармагынын (AAUN), Шериктеш университеттер ассоциациясынын жана дүйнөлүк университеттер тармагынын мүчөсү болуп саналат.