Сикейрос, Альфаро Сикейрос Хосе Давид
Сикейрос, Альфаро Сикейрос Хосе Давид (1898, Чиуауа – 1974, Куэрнавака) – мексика живописчиси жана графиги, мексика монумент живописин негиздөөчүлөрдүн бири; коомдук ишмер. Мехико шаарындагы САда (1911) жана Санта-Анита мектебинде окуган (1913). С. 1924-жылдан Мексика компартиясынын жетекчилеринин бири, “Эль мундо” газетасынын баш редактору. 1932–36-ж. АКШда иштеп, Нью-Йоркто эксперимент өнөркана (1936) ачкан. Саясый ишмердиги үчүн 1960-ж. камалып, эл аралык коомчулуктун талабы менен 1964-ж. бошотулган. СССР САнын ардактуу мүчөсү (1967), “Элдер ортосунда тынчтыкты чыңдаганы үчүн” Эл аралык Лениндик сыйлыгынын лауреаты (1966). С-тун искусствосу идеялуулугу, экспрессиялуулугу, конкреттүүлүк менен символдун эриш-аркак жүргөндүгү, скульптуралык формаларды, бир эле учурда түрдүү материалды (синтез, боёк, карапа, мозаика жана башкалар) пайдалангандыгы менен айырмаланат. С-тун негизги чыгармалары: Улуттук даярдоо мектебиндеги (1922-23), Асем искусство сарайындагы (1945 жана 1950–51), университет ректоратындагы жана башка дубал сүрөттөр, “Пролетардын энеси” станоктук сүрөтү (1929–30, азыркы искусство музейи, Нью-Йорк) жана башкалар.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз сүрөт искусствосу: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:, 2004