Мазмунга өтүү

Симабар көтөрүлүшү

Википедия — ачык энциклопедия

Симабар көтөрүлүшү - япон дыйкандардын эң ири козголону.

1637-38-ж. Симабар жарым аралында (Нагасаки шаарына жакын жерде) жана Амакуса аралында болгон. Феод, эзүүнүн күчөшүнөн чыккан.

16-17-кылымда европалык миссионерлер кийире баштаган христиан динин жактоо мүнөзүндө өткөн.

Симабар көтөрүлүшүн басууга 100 миң аскер жиберилип, Хара чебинде бекинген 38 миндей адамды Голландия жана кытай көпөстөрүнүн кемелериндеги артиллериядан атышкан.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.