Символизм

Wikipedia дан

Символизм (французча  symbolizme) – XIX кылымда француз адабиятында пайда болгон жана 90-жылдары Германиянын көркөм искусствосунда жана адабиятында өзгөчө тараган буржуазиялык көркөм өнөрдөгү агым. С. эки дүйнө тууралуу мистикалык, идеалисттик окуунун негизинде пайда болгон, алар реалдуу дүйнөдөгү сырткы көрүнүштөр жана биздин акыл жетпеген, белгисиз дүйнөнүн түпкүрүндө терең сакталган ойлор. С-дин теориясы боюнча бул экинчи иррационалдык дүйнө бизге акыл менен таанып билүүгө мүмкүн болбосо да, тышкы дүйнө берген сырдуу ишти ара кылуу (четин чыгаруу) жана «аян» берүү жолдору менен элес-булас сезилет жана божомолдонот. С-ге көркөм искусствосунда мына ушул мистикалык «символдорду» өткөрүүчү, түшүндүрүүчү роль тийиштүү болсо, ал эми сүрөтчү-символист бул жерде «жрец», «треогдун» функциясын аткармак. Бул реакциячыл агым орто кылымдын мистикасын кайра жандандырган жана бардык реалдуу нерсени, анын ичинде көркөм өнөрдүн социалдык мазмунун маанисиздикке чыгарган субъективизмге алып келген, муну менен ал кыйшаюусуз формализмге өсүп чыккан жана реалдуу объекттерди бузуп көрсөтүүгө кеңири мүмкүндүк түзгөн. Француз сүрөтчүлөрү П. Пюви де Шаванн, Г. Моро С-дин алгачкы өкүлдөрүнөн болгон. С. айрыкча Германияда жакшы өнүккөн (Мюнхен жана Вена бирикмелери – «Сецессиондордо»). Көркөм сүрөт өнөрүндө ал көбүнчө декаденттик, индивидуалисттик модерн стилинин формаларында өнүккөн. Живопистеги С-дин типтүү өкүлдөрү А. Беклин, Ф. Штук, М. Клингер (Германия), О. Роден (Франция), Россияда сүрөтчү-символисттер П. Кузнецов, С. Судейкин, Ж. Мииоти жана башка «Таразалар» жана «Алтын руно» журналдарынын тегерегине топтолушкан жана «Көгүлтүр роза» бирикмесинде чыгып турушкан. Орус символисттеринин бакылдаган, ыгы жок бааланган декларацияларына карабастан, С. орус живописинде кандайдыр бир кадыр-барктуу агым болгон эмес, бирок XIX кылымдын аягы XX кылымдын башындагы декаденттик маанайдагы сүрөтчүлөр Н. Рерих, М. Врубелдин кээ бир чыгармаларында айтылган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]