Сингапур Улуттук Университети

Википедия дан
Сингапур Улуттук Университети.

Сингапур Улуттук Университети (англ. National University of Singapore; кыскартылышы: СУУ) - Сингапурда көз карандысыз университет болуп саналат. Бул университет 1905-жылы негизделген. Ал Сингапурда жогорку билим берүү институттарынын байыркысы болуп саналат, жана студенттерди кабыл алууда жана окуу программаларын сунуштаганы жагынан өлкөдөгү ири университет болуп саналат. СУУ изилдөө-демилгелери жана ишкерликке багытталган университет.

СУУ 2016-жылы QS World University Rankings жана Times Higher Education World University Rankings боюнча [[Азия|Азиядагы эң алдыңкы университети деп белгиленген. QS World University Rankings рейтингинде 2016-жылы СУУ дүйнөдө 12-орунду ал эми Азияда 1-орунду ээлеген. 2016-2017-жылдары да СУУ Times Higher Education World University Rankings рейтингинде дүйнөдөгү университтердин арасында 24-орунду, ал эми Азияда 1-орунду ээлеген. Андан тышкары, Shanghai Ranking Консалтинги тарабынан жарыяланган университеттердин жетишкендиктерин жана изилдөө аткаруу иштерин баалаган ARWU рейтинг системасы СУУну 2016-жылы дүйнөдөгү университеттердин арасында 83-орунду берген.

СУУнун башкы кампусу Түштүк-Батыш Сингапур менен Кент Риж чектешкен 150 гектар аянттан жайгашкан. Укук бөлүмү, Лии Куан Йеу Коомдук Башкаруу Мектеби жана изилдөө институттары Букит Тима кампусунда, Дүк-СУУ Медициналык Сингапур Мектеби Оутрам кампусунда жайгашкан.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Кампустары[оңдоо | булагын оңдоо]

Жетекчилиги[оңдоо | булагын оңдоо]

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]