Синтетикалык чайырлар

Википедия дан

Синтетикалык чайырлар - мол массасы анча жогору эмес синтет. полимерлер.

Аларга карбамид чайырлары, фенол-альдегид чайырлары, полиэфир чайыры, эпоксид чайыры ж. б. кирет. Полимерлөө, поликонденсация жолдору менен алынат. Синтетикалык чайырлар пластмасса, лак-боёк, клей өндүрүшүндө, о. эле кездеме, кагаз ж. б. иштетүүдө кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.