Сирия фунту
| Сирия фунту (кырг.) | |
|---|---|
|
Syrian Pound (аңгл.) | |
| Коддор жана белгилер | |
| ISO 4217 коддору | SYP (760) |
| Символдор | .ل.س • SP • LS • S£ |
| Аббревиатуралар | SYP |
| Жүгүртүү чегарасы | |
| Эмитент | |
| Туунду жана параллелдүү бирдиктер | |
| Бөлчөктүү | пиастр (1⁄100) |
| Жүгүртүүдөгү банкноттор жана монеталар | |
| Монеталар | 1, 2, 5, 10, 25, 50 сирия фунту |
| Банкноттор | 50, 100, 200, 500, 1000, 2000, 5000 сирия фунту |
| Тарыхы | |
| Киргизилди | 1919-жыл |
| Мурда колдонулган валюта | Мисир фунту |
| Банкноттор жана монеталар өңдүрүшү | |
| Эмиссиялык борбор | Сирия борбордук банкы |
| www.cb.gov.sy | |
| Курстар ЭВФ, ЕББ жана КРУБ маалыматтары боюнча автоматтык түрдө жаңыртылып турат. | |
| 2023-жылдык инфляция | |
| Инфляция | 139% |
Сирия фунту (ар. الليرة السورية) — Сириянын расмий акча бирдиги. ISO 4217 стандарты боюнча тамга коду — SYP, сандык коду — 760[1]. Расмий белгиси — LS, SP жана .ل.س, эмитенти — Сирия борбордук банкы. Бир сирия фунту номиналдуу түрдө 100 пиастрдан турат.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Биринчи дүйнөлүк согушка чейин Сирия Осмон империясынын курамында болгондугуна байланыштуу, расмий төлөм каражаты катары осмон лирасы колдонулган. Осмон империясы кулагандан кийин Сирия, Ливан, Иордания жана Палестина сыяктуу мандаттык аймактарда мисир фунту жүгүртүүгө кирген.
Франция Сирия менен Ливанды өз башкаруусуна алганда, мисир валютасын алмаштыруу үчүн Сирия банкына (Осмон банкынын филиалы) жаңы валюта чыгаруу укугун берген. Сирия фунту 1919-жылы киргизилип, башында наркы 20 француз франкына тең болгон.
Кийинчерээк банктын аталышы Сирия жана Ливан банкы (BSL) болуп өзгөрүп, 1924-жылдан тарта эки мамлекетке жалпы валюта чыгара баштаган. 15 жылдык мөөнөттөн кийин, банк бул валютаны эки башка (бирок эки өлкөдө тең жүрүүчү) акча бирдигине бөлүнгөн.
1958-жылга чейин банкноттордун алдыңкы бети арабча, арткы бети французча болгон.
1958-жылдан кийин арткы бетине англисче текст жазыла баштаган.
Эгемендүүлүктөн кийин монеталардан француз тили алынып салынып, арабча гана жазуулар калган.
1998-жыл жаңы сериядагы банкноттор чыгып, 1000 фунттук купюра кошулган.
2017-жылы 2000 фунттук купюра жүгүртүүгө кирген.
2021-жылы 5000 фунттук жаңы купюра чыгарылган[2].
2025-жыл (декабрь) сириянын Борбордук банкы деноминация жарыялап, акчаны 1:100 катышында өзгөрткөн. Жаңыдан 10, 25, 50, 100, 200 жана 500 фунттук номиналдагы банкноттор чыга баштаган.
Банкноттор
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1950—1958-жылдардагы серия
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1958—1962-жылдардагы серия
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1963—1982-жылдардагы серия
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1976—1992-жылдардагы серия
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1998-жылдагы серия
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2009-2024-жылдардагы серия
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| 2009-2024-жылдардагы серия | ||||||||
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| Сүрөт[3] | Номинал (фунт) |
Өлчөмү (мм) |
Негизги түсү |
Сүрөттөөмөсү | Басылган жылдары | |||
| Алдыңкы бети | Арткы бети | Алдыңкы бети | Арткы бети | |||||
| 50 | 135×65 | боз, | Эбладан табылган чопо такталар | Хафез аль-Асад китепканасы, Дамасктагы Хафез аль-Асаддын эстелиги | 2009 2021 | |||
| 100 | 140×65 | кызыл | Босрадагы байыркы амфитеатр жана арка | Дамаск шаарындагы Умайяд мечитинин фрагменти, байыркы монета | 2009 2021 | |||
| 200 | 145×65 | күрөң | Эль-Аси дарыясындагы Хамадагы нория | Пальмирадагы Баал ибадатканасынын шыбы | 2009 2021 | |||
| 500 | 150×65 | көгүлтүр | Дамасктагы опера театры | Музыканттар тартылган фреска, чопо такта | 2013 | |||
| Файл:1000 Pounds Syria 2013(back).jpg | Файл:1000 Pounds Syria 2013.jpg | 1000 | 155×65 | жашыл | Босрадагы байыркы амфитеатр | Эс-Сувайдадан алынган байыркы рим мозаикасы, зайтун бутактары | 2013 | |
| Файл:2000 Pounds Syria 2015.jpg | Файл:2000 Pounds Syria 2015(back).jpg | 2000 | 160×65 | кызгылт көк | Дамасктагы Омейяд мечити, президент Башар Асаддын портрети | Сирия Улуттук Ассамблеясынын имаратынын ички көрүнүшү | 2009 2015 2021 | |
| Файл:5000 Pounds Syria 2024.jpg | 5000 | күрөң | Дамасктагы Сириянын мамлекеттик желегинин фонунда жоокердин эстелиги | Пальмирадагы Баал ибадатканасынан алынган фресканын фрагменти | 2019 2021 2023 2024 | |||
2025-жылдагы серия
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2025-жылдын декабрь айында Сирия фунту 1:100 катышында деноминацияланган, Башар Асаддын режими кулатылгандан бери чыгарылган биринчи сириялык банкноттор болуп саналат. Жаңы банкноттордо ар кандай айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жана жаныбарлардын сүрөттөрү тартылган[4].
Банкноттор 2026-жылдын 1-январында жүгүртүүгө киргизилген[5][6].
| 2025-жылдагы серия | ||||||||
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| Сүрөт[3] | Номинал (фунт) |
Өлчөмү (мм) |
Негизги түсү |
Сүрөттөөмөсү | Басылган жылдары | |||
| Алдыңкы бети | Арткы бети | Алдыңкы бети | Арткы бети | |||||
| Файл:Syrian lira 10 back.png | 10 | 158×65 | кызыл | Дамаск розасынын жана көпөлөктүн сүрөтү. Сириянын герби | Сириянын Борбордук банкынын имараты в Дамаске, фонунда үч жылдыз | 2025 | ||
| 25 | көк | Тут жана куш. Сириянын герби | ||||||
| 50 | ачык сары | Апельсин жана деңиз раковинасы. Сириянын герби | ||||||
| 100 | кызгылт | Пахта жана антилопа. Сириянын герби | ||||||
| 200 | жашыл | Зайтун жана жылкы. Сириянын герби | ||||||
| 500 | сары | Буудай жана таранчы. Сириянын герби | ||||||
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети. Мамлекеттер аралык валюталар классификатору.(жеткиликсиз шилтеме) (орусча)
- ↑ РИА. Сирия вводит в оборот купюру с барельефом разрушенного храма в Пальмире
- 1 2 SYRIA - INSTITUT D'ÉMISSION / BANQUE CENTRALE / CENTRAL BANK.
- ↑ Оливки и розы заменили Асада на купюрах в Сирии (орусча). Московский комсомолец (30 -декабрь (бештин айы) 2025).
- ↑ Syria to start currency swap on January 1, central bank governor says (англ.). Reuters (25 December 2025).
- ↑ ВладимирБегунков В Сирии введены в оборот новые купюры без портретов Асадов (орусча). Deutsche Welle (1 -январь (үчтүн айы) 2026).
Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]
| ||||||||||||||||||||||||||