Мазмунга өтүү

Сисмонди Жан Шарль Леонар Симонд де

Википедия — ачык энциклопедия

Сисмонди Жан Шарль Леонар Симонд де (9. 5. 1773, Женева - 25. 6. 1842, Женева) - швейцариялык экономист жана тарыхчы; майда саясий экономиянын негиз салуучуларынын бири. Женева университетинде окуган.

Франция, Англия, Италия жана Швейцарияда жашаган.

1833-жылдан Франц, мораль жана саясий илимдер академиясынын мүчөсү.

Сисмонди майда өндүрүүчүлөрдүн идеологиясын жактоочу экон. романтизмди баштаган. Майда утопиялык позицияда туруп, капитализмди жана классикалык саясий экономияны катуу сынга алган. Ал биринчилерден болуп өндүрүш менен керектөөнүн ортосундагы карама-каршылыкты көргөзүп, конкуренция менен өндүрүш анархиясынын майда өндүрүүчүлөрдүн абалына кыйратуучу таасирин мүнөздөгөн, эмгекчи массаларынын жакырдануусунун күчөй тургандыгын жана капитализмде экон. кризистердин шексиз боло тургандыгын көрсөткөн. Майда товар өндүрүшүн эн туура, үлгүлүү экон. система катары эсептеген.

Сисмондинин майда утопиялык идеялары социализм жөнүндөгү майда теориялардын негизин түзгөн

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.