Ситняковский Н.Ф

Википедия дан

Ситняковский (туулган жана өлгөн жылы белгисиз).

Орус армиясынын офицери, Орто Азияны каратууга жигердүү катышкан. Жергиликтүү калктардын, анын ичинде кыргыздардын турмуш-тиричилиги, коомдук түзүлүшү ж.б. боюнча макалаларды жарыялаган. Фергана облусунун чыгыш аймагында байырлаган кыргыздар жөнүндө эмгек жазган («Перечисление некоторых родов киргиз, обитающих в восточной части Ферганской области» ИРГО. T.2. Вып.1.)- Бул эмгекте кыргыздын сол канаты жана ичкиликтер уруулук тобуна кирген уруулардын жайгашуу ареалы, чыгыш теги, аталыштары, эи тамгалары боюнча өтө баалуу маалыматтар чагылдырылат.

Анын өзгөчө кыргыз урууларынын генеалогиялык таралышы, курамы (уруулук ажырымы), эн тамгалары боюнча жыйнаган маалыматтары кыргызтаануу үчүн баасы ченелгис.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.