Сихотэ-алинь метеорити

Википедия дан

Сихотэ-алинь метеорити - табиятта өтө сейрек байкалуучу эң чоң таш метеорит.

Жалпы салм. 70 кгдай. 1947-ж. 12-февралда Сихо-Алиндин батыш тоо этегине түшкөн. Ал космос ылдамдыгы менен жер атмосферасына киргенде миңдеген майда болүктөргө чачырап, аянты 3 км2 жерге темирдүү метеорит жаандай болуп түшкөн.

Метеорит түшүп келатканда жарык болид сыяктуу болуп, радиусу 400 км жерге көрүнгөн. Андан кийин катуу добуш чыгып, жер дүңгүрөгөн. Бул метеориттин курамын СССР ИАнын метеорит боюнча комитетинин В. Г. Фесенков баштаган экспедициялары изилдеген. Сихотэ-алинь метеоритинин курамы(масса боюнча % менен): Fe 93,29; Ж 5,94; Со 0,38; Си 0,03; Р 0,56; S 0,28. Өтө аз санда башка химиялык элементтер да бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.