Скарн

Википедия дан

Скарн (шведче skarn - баткак, таштанды) - контакт метаморфизми өнүккөн аймактагы метасоматоз жолу менен пайда болгон аки таш-силикаттуу тоо тек.

Скарндын негизги курамын гранат, везувиан, кальцит, пироксендер жана амфиболдор түзөт. Скарн пайда болуш шартына карай аки таштуу жана магнезиялуу болуп ажыратылат. Аки таштуу Скарн 10-12 к .иге чейинки терендикте аки таш менен алюмосиликаттардын контактында магма криссталлданып ката баштагандан кийинки шартта пайда болот.

Магнезиялуу Скарн доломит тоо теги менен аны жиреп чыккан магманын ортосундагы реакциядан же өтө терендиктеги доломит менен аллюмосиликаттардын контактында пайда болот. Скарн көбүнчө кабат, линза, тарам түрүндө контактты бойлой жайгашат.

Скарн менен бирге көпчүлүк учурда жездин, коргошундун, цинктин, калайдын жана те- мирдин ири кендери кезигет. Өнөр жай маанисиндеги Скарн кендери Уралда (Магнитогорск темир кени), Казакстанда (Соколов-Сарбай темир кени), Орто Азияда (Алтын-Тапкан полиметалл кени) ж. б. жерлерде бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.