Скотт Вестерфелд

Википедия дан
Скотт Вестерфельд‎»‎ барагынан багытталды)
Скотт Вестерфелд.

Скотт Дэвид Вестерфелд (англ. Scott David Westerfeld; 1963-жылы 5-майда туулган) — америкалык жазуучу. Ал жаш өспүрүмдөрдүн фантастикалык чыгармаларын жаратат жана "Түрү сууктар" жана "Левиафан" циклдеринин автору катары таанымал.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Вестерфелд "Түрү сууктар" сериясы жана анын бутактамасы болгон "Шайдын окуясы" графикалык романы менен белгилүү болгон. Ошондой эле ал "Дүйнөдөн кийиин" (англ. Afterworlds), "Көтөрүлгөн империя" (англ. The Risen Empire) жана "Дүйнөлөрдү өлтүрүү" (англ. The Killing of Worlds) китептерин жазып, алгач "Мурас" деп аталган ошол эле чыгарманын биринчи жана экинчи бөлүмдөрү 2005-жылы Бириккен Падышалыкта "Көтөрүлгөн империя" деген аталыш менен жарык көргөн.

Вестерфелд өз эмгек жолун чоң окурмандар үчүн жазуу менен баштап, бирок жаш өспүрүмдөр адабиятына "Жарым түнчүлөр" (англ. Midnighters) үчилтиги менен өтүп кеткен. Ал Нью Йорк шаарындагы окуяларды чагылдырган төрт жаш өспүрүмдөр романын жазган. Алар: "Түн аскерлери" (англ. Peeps), "Акыркы күндөр" (англ. The Last Days), "Ошентип кечээ" (англ. So Yesterday) жана "Дүйнөдөн кийин". "Акыркы күндөр" "Түн аскерлеринин" уландысы болбогону менен ал бир эле чөйрөдөгү ар кандай каармандардын тобуна окурмандарды жетелейт. "Ошентип кечээ" бул романдар менен байланышы жок, бирок ал да Нью Йорк шаарындагы окуяларды чагылдыркандыктан алар менен чогуу бир топко киргизилген.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]