Скриптонит

Википедия дан
Скриптонит
Scriptonite

Скриптонит 2016-жылы
Негизги маалымат
Төрөлгөндөгү ысымы

Адиль Оралбекович Кулмагамбетов

Толук ысымы

Адиль Оралбекович Жалелов

Туулган датасы

3 -июнь 1990(1990-06-03) (33 жаш)

Туулган жери

Ленинский кыштагы, Павлодар облусу, Казак ССР

Өлкө

Казакстан желеги Казакстан

Кесиптери

музыкант ырчы, актёр

Жанрлары

альтернативдик хип-хоп, хип-хоп, трэп, трип-хоп, R&B рэп-рок

Активдүү жылдары

2009 — азыркы учурда

Жамааты

DME, Jillzay

Скриптонит (англ. Scriptonite), нукура ысымы Адиль Жалелов (каз. Әділ Оралбекұлы Жәлелов, 3-июнь 1990, Ленинский, Павлодар облусу, Казак ССР) — казакстандык рэп-аткаруучу жана битмейкер, Gazgolder лейблинин мүчөсү. Алгач ирет 2014-жылы «VBVVCTND» ырынын видеоклиби аркылуу таанымал болгон, эки жылдан соң «Дом с нормальными явлениями» (кырг. Кадимкидей кубулуштар бар үй) аттуу алгачкы альбомун чыгарган. Адильдин чыгармачылыгын баалаган коом бул альбомду жакшы кабыл алып, 2015-жылы эң ийгиликтүү орус тилдүү рэп-альбомдорунун катарына кирген.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Балалыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адиль Кулмагамбетов 1990-жылы 3-июньда Павлодар шаарына жакын орун алган Ленинский кыштагында туулган. Музыка менен жаш кезинен алектенип баштаган, 11 жашында рэпке кызыгуусу пайда болуп, 15 жашынан тарта обон чыгарып баштаган.

Алгачкы жетишкендиктери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2009-жылы Скриптонит өзүнүн досу Ануар менен (Niman) JILLZ аттуу топ курган. Алардан башка топтун курамына Юрий Дробитько (Юрик Четверг), Саян Жымбаев (Truwer), Азамат Алпысбаев (Six O) жана Айдос Жумалинов (Strong Symphony) кирген. Gazgolder продюсердик борбору менен келишимге чейин Скриптонит бир нече синглдар жазып үлгүргөн. Алардын көбү хитке айналып, Адильдин өнөрүнүн күйөрмандары пайда болду, ошондой эле ал чыныгы трэп-музыканы аткаруучу иретинде белгилүү болду. 2013-жылы Скриптонит Niman менен бирге «VBVVCTND» ырына видеоклип тарттырып чыгарган (VBVVCTND — «Выбор без вариантов — всё, что ты нам дал»), ал аз гана убакытта YouTube сайтында көптөгөн көрсөтүү жыйнаган. Ушудан киймн Скриптонитке орусиялык Gazgolder продюсердик борбору кызыгуу арттырган. 2014-жылдын 27-февралында Скриптонит лейблдин расмий мүчөсү болуп жарыяланган. Кийин дал ушу 2014-жылды Скриптонит өмүрүнүн бурулуш учуру деп атап өткөн.

2015-жылы Скриптонит Баста менен Смоки Монун альбомдаруна катышып, Даша Чаруша менен бирге «Космос» ырын жаздырган. Бул сингл iTunes чартында алдынкы орундарды ээлеп, The Flow сайтынын «2015-жылдын 50 эң мыкты ыры» тизмесинде 22 орунду алган. Скриптониттин катышуусу менен тартылган «Лёд» жана «Миллионер из трущоб» ырларынын видеоклиптери YouTube сайтында миллиондогон көрсөтүүлөргө жеткен. «Миллионер из трущоб» деген клиби Rap.ru сайтынын «2015-жылдын эң мыкты орус клиптери» тизмесинде 2-чи орунга ээ болгон, «Лёд» ыры The Flow сайтынын «2015-жылдын 50 эң мыкты ыры» тизмесинде 46-чы орунду ээлеген. 2015-жылдын октябрь айында Скриптонит Jagermeister Indie Awards сыйлыгынын «хип-хоп» номинациясы боюнча финалистердин катарына кирген. 2016-жылы жай мезгилинде Скриптонит GQ журналынын «Жылдын ачылышы 2016» номинациясынын талапкерлери тизмесине киргизилген.

2015-жыл. «Кадимкидей кубулуштар бар үй»[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Скриптониттин «Дом с нормальными явлениями» (кырг. Кадимкидей кубулуштар бар үй) аттуу алгачкы альбому 2015-жылдын 24-ноябрында жарыкка чыккан. iTunes медиаплееринин альбомдук чартында 2-чи орунду ээлеген. Бул чартта Скриптониттин альбому орусиялык рэпер Oxxxymiron'дун «Горгород» деген альбомун ашып түшкөн, бирок британиялык ырчы Адельдин жаңы альбомунан калып калган.

«Дом с нормальными явлениями» 2015-жылдын эң ийгиликтүү рэп-альбомдорунун катарына кирди. Скриптониттин өзүн Colta.ru сайты «жылдын рэпери» деп тапкан. «Дом с нормальными явлениями» Газета.Ru сайтынын «2015-жылдын эң мыкты 20 альбому» тизмесине кирген, ошондой эле «Афиша» журналынын «жылдын эң мыкты 30 альбому» тизмесинде 6-чы орунду ээлеген. Rap.ru жана The Flow сайттарынын эң мыкты орус тилдүү альбомдор тизмелеринде Скриптониттин альбому 1-чи орунга ээ болгон.

«Стиль» аттуу ырынын видеоклиби Rap.ru сайтынын «2015-жылдын эң мыкты клиптери» тизмесинде 5-чи орун алган, ырдын өзү The Flow сайтынын «2015-жылдын эң мыкты 50 ыры» тизмесинде 15-чи орунда ээлеген. Ошол эле тизмеде «Танцуй сама» аттуу чыгармасы 3-чү орунга ээ болгон. «Афиша» журналы «Притон» аттуу ырынын видеоклибин «2015-жылдын улуу 100 клиби» тизмесине киргизген.

2016-жыл. Jillzay тобу, GQ премиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Башынан Скриптониттин экинчи альбому алгачкы альбому менен бирге бир күндө чыгат деп пландаштырылган. Meduza сайтына берген интервьюсунда Скриптонит даяр болуп калган 3P (англ. tripy деп окулат) аттуу альбому 2016-жылдын январь айында чыгат экенин ишендирип айткан, бирок белгисиз себептер үчүн альбом айтылган убакта жарыкка чыккан эмес. Кийин Скриптониттин экинчи студиялык альбомунун аты «Отель „Эверест“» болору белгилүү болгон.

2016-жылдын сентябрь айында GQ эркектер журналы Скриптонитти «Жылдын ачылышы» деп тапкан.

2016-жылы 29-октябрьда Jillzay тобу 718 Jungle аттуу альбомун чыгарган, альбомго 18 ыр кирген. Ырлардын жарымына Скриптонит катышкан.

2017 — 2018. «Праздник на улице 36», Zorski музыкалык лейбл жана «Уроборос»[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2017-жылы 7-мартта жамаат Open Season аттуу кичи-альбом чыгарган.

Жыйынтыгында экинчи студиялык альбому «Праздник на улице 36» деген аталышка ээ болгон. Релизи 2017-жылы 24-майда болгон. Альбомдун чыгышына бир нече саат калганда «Outro» ыры жана эки курамдан турган «Вечеринка» / Jillzay — «Бар „2 лесбухи“» аттуу видеоклиби чыккан. Альбомдун презентациясы 2017-жылы 26-майда Санкт-Петербургдагы А2 клубунда өткөн. Бул иш-чарада Адиль башка аттуу, жаңы альбомдун релизи 2017-жылы күзүндө болорун маалымдаган. «L’Officiel» журналынын редактору Ксения Собчакка болгон интервьюсунда Скриптонит «Улица 36» аттуу альбому эки курамдан турарын жана мурунку альбомдордон айырмаланып, аткаруучунун жеке көйгөйлөрүнө арналганын тактап айткан.

Көп өтпөй Jillzay тобу Zorski аттуу өзүнчө музыкалык лейблге өсүп айланганы белгилүү болду. Лейблге 104 (Юрий Дробитько), Truwer (Саян Жымбаев) и Benz (Алтынбек Мерканов) аттуу аткаруучулар кирген. Сентябрьда 104 жана Truwer «Сафари» аттуу биргелишкен соло альбомун көрсөтүп тааныштырышкан. Бул альбомдо Скриптонит жөн гана конок катары катышпастан, аткаруучу продюсер болуп чыккан.

2017-жылы 16-декабрьда Скриптонит үчүнчү эмгегин жарыкка чыгарган — «Уроборос: Улица 36» жана «Уроборос: Зеркала» аттуу эки курамдан турган концептуалдуу альбом. Альбомдун аталышы мифтик жан — уроборос жыланына жөнөтүлөт. Газета.Ru сайтына болгон интервьюсунда альбомдун аталышы эмнеге ушундай экенин Адиль Жалелов төмөнкүдөй түшүндүргөн: «... 36 деген менин цифраларымдын мааниси менен айкалышкан бул образ мага абдан жакын экенин түшүндүм. Жана дагы өзүн өзү жеп жаткан жыландын образы, өзүн өзү кыйратуу аркылуу өзүн өзү жетилтүү принциби мага ар тараптан жакын». Альбомдун презентациясы ошол эле күнүСанкт-Петербургдагы А2 клубунда өткөн. Релиз болгон күнү Жалелов рэп ал үчүн жанр катары түгөнгөнүн, ошол себептен чыгармачылыгында тыныгуу алып, 2—3 жыл аралыгында чоң соло релиздер чыгарбайт экенин өзүнүн Instagram-трансляциясынан айткан.

2018 — азыркы учурда. Gruppa Skryptonite, Musica36[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2018-жылдын 9-августунда Адиль «Глупые и Ненужные» аттуу «Gruppa Skryptonite жаңы музыкалык проектинин биринчи окуясын» чыгарган. Белгилей кетчү нерсе, ырдын клиби Gazgolder'дин каналында эмес, топтун өзүнүн каналында жарыяланган.

2018-жылдын 24-октябрында T-Fest, 104 жана Niman менен биргеликте жаздырылган «Мультибрендовый» рэп-ырынын премьерасы болгон. Ошол эле күнү «GazLive» шоусунун экинчи сезонунун биринчи чыгарылышы чыккан, анда Адиль конок катары келген. Бул чыгарылышта рэпке кайрадан кайтып келгенин жана азыркы убакта жаңы мини-альбомдун үстүнөн иштеп жатканын билдирген. Ошондой эле ушул эле интервьюда Скриптонит Бишкектеги милиция кызматкерлеринин жагымсыз иштеринен кийин Кыргызстанга башка келбей тургандыгын билдирген.[1]

2019-жылы Скриптонит, 104, Truwer и Dose биргелешип Musica36 бирикмесин түзүшкөн. Февраль — март аралыгында бул марканын алкагында 5 ыр чыккан: «В аду сегодня жарко» (104, Dose, Скриптонит), «Ликёрная ванна» (Dose), «Podruga» (Gruppa Skryptonite), «Sinsemilla» (104, Скриптонит, Вандер Фил, Rigos), «Танцевала» (Dose, Andy Panda). «Podruga» деген ырга клип тартылган.

21-мартта Gruppa Skryptonite YouTube-каналында «Podruga» ырынын лайв-аткаруусу чыккан, ал эми 31-мартта жана 1-апрельде — «Priton» жана «Suka tashit nas na dno» («Дом с нормальными явлениями» альбомунундагы ырлардын башка версиясы).

5-апрельде Gruppa Skryptonite'тин Solitude аттуу дебюттук кичи-альбому чыккан. Жыйнакка 6 ыр кирген, анын ичинде «Glupye I Nenuzhnye» жана «Podruga» ырлары.

28-июньда Скриптонит «Замёрз» (Andy Panda менен биргеликте) жана «Погрейся» ырларын жарыкка чыгарган.

Дискографиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Студиялык альбомдору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мини-альбомдору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 2017 — Open Season (Jillzay'дин курамында)
  • 2019 — Solitude (Gruppa Skryptonite'тин курамында)

Жыйнактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 2015 — «К тебе» (Gazgolder'дин артисттери менен биргеликте)

Синглдери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жылы Аты Түрү Биргеликте
2019 «Замёрз» негизги артист Andy Panda
«Billboard» чакырылган артист Andy Panda, 104, TumaniYO, Miyagi
«Sinsemilla» чакырылган артист 104, Вандер Фил, Rigos
«Podruga» негизги артист Gruppa Skryptonite
«В аду сегодня жарко» чакырылган артист 104, Dose
2018 «Мультибрендовый» негизги артист 104, T-Fest, Niman
«Глупые и Ненужные» негизги артист Gruppa Skryptonite
2017 «Где твоя любовь?» негизги артист Major Lazer
«НТРС» негизги артист
«Outro» негизги артист 104, Benz
«Ламбада» чакырылган артист T-Fest
2016 «Витамин» негизги артист
«Do Dna» чакырылган артист 104, Truwer
«Вальс» чакырылган артист Pharaoh
«Бисер» негизги артист ATL
2015 «Твоя сука» негизги артист Pharaoh
«Космос» негизги артист Даша Чаруша
«Перспектива» чакырылган артист Guf, Rigos
«Случайности» чакырылган артист Rigos, BluntCath
2014 «5 здесь, 5 там» негизги артист
«Локоны» негизги артист
«Твой» негизги артист
«Не добро пожаловать» негизги артист
2013 «VBVVCTND» негизги артист

Видеографиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Соло аткаруучу катары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жылы Аты Режиссёр(лор) Альбом
2011 «Что происходит»[2] Евгений Гетман[2][3] Альбомсуз сингл
2012 «11 км»[3]
«No Hook #2»[4] Sean D[4]
2013 «PVL Is Back»[5]
(Niman менен биргеликте)
«Приглашение в г. Астана»[6]
«Batman (ПКД)»[7] Максат Адам (Max Human)[7][8]
«VBVVCTND»[8]
2014 «Твой»[9]
Приглашение в Зеленый Театр[10]
2015 «Стиль»[11] «Дом с нормальными явлениями»
«Притон»[12] Олег Че, Адиль Жалелов[12]
2016 «Приглашение на GazgolderLive»[13]
Тати)
Айсултан Сеитов[14] Альбомсуз сингл
«Витамин»[15] Олег Че, Андрей Ковалев[15]
2017 «Ламбада»[16]
(T-Fest менен биргеликте)
Айсултан Сеитов[17], Медет Шаяхметов
«Вечеринка / Бар — Две лесбухи»[18]
(KolyaOlya'нын катышуусу менен)
Медет Шаяхметов[18] «Праздник на улице 36» / Open Season
2018 «Глупые и Ненужные» Альбомсуз сингл
«Мультибрендовый»

(104, T-Fest, Niman'дын катышуусу менен)

Альбомсуз сингл
2019 «Podruga» Таня Муиньо Альбомсуз сингл

Jillzay'дин курамында[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жылы Аты Режиссёр(лор) Альбом
2017 «Поднять и потратить»[19]
(Bro Upgrade, Скриптонит, 104)
718 Jungle
«Ниа»[20]
(Райда, 104, Скриптонит)
«Вечеринка / Бар — Две лесбухи»[18]
(KolyaOlya'нын катышуусу менен)
Медет Шаяхметов[18] «Праздник на улице 36» / Open Season
«Нет выбора» (OST: «Конверт»)[21]
(104, Truwer, Blud, Скриптонит)
Альбомсуз сингл

Чакырылган аткаруучу катары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жылы Аты Режиссёр(лор) Альбом
2012 «Для моих людей»[22]
(PR’OXY Скриптониттин катышуусунда)
2015 «Миллионер из трущоб»[23]
(Баста & Смоки Мо Скриптониттин катышуусунда)
«Баста / Смоки Мо»
«Лёд»[24]
(Баста & Смоки Мо Скриптониттин катышуусунда)
2016 «Сансара»[25]
(Charusha Скриптониттин катышуусунда)
«Навсегда»
2017 «Сансара»[26]
(Баста при участии Д.Арбенина, A. Ф. Скляр, С. Бобунец, SunSay, Ант (25/17) жана Скриптонит)
Альбомсуз сингл
«Blood of My Blood»

(Tricky Скриптониттин катышуусунда)

«Ununiform»

Тасмаграфиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жылы Тасма Режиссёр Продюсер Сценарист Композитор Актёр
2017 Дым
МакулY
2018 Клубаре
МакулY

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Артист жеке жашоосу тууралуу айтканды жакшы көрбөйт, жана өзүнүн үй-бүлөсүнүн сүрөттөрүн социалдык тармактарга эч качан чыгарбайт. Бирок, 2017-жылдын 27-апрелинде Бастанын «Сансара» аттуу ырынын клибинде көрүүчүлөр Скриптониттин бөбөк кармап түшкөн сүрөтүн көрүшкөн[27]. Кийин рэпер 2016-жылы 19-январьда балалуу болгонун, анын ысымын Лучи (артисттин энесинин урматына) койгонун далилдеген. Уулунун энеси бийчи жана хореограф Нигора Абдиганиева. Ал менен Адиль атактуу болгонго чейин эле таанышып, бир нече жыл мамиледе турган. Артист өзүнүн сүйгөнүн эч качан элге жарыялаган эмес, бирок аны Скриптониттин Жашыл театрга видеочакыруусунда көрсө болот[28]. Мындан тышкары, Нигора эң сонун вокалга ээ жана кээде орус жана англис тилдеринде белгилүү ырларды аткарып, кыска видеолор менен жазылуучуларын кубантып турат.

Юрий Дудьга болго интервьюсунда Скриптонит мураскорлуу болгондон кийин үй-бүлөсүн Казакстандан Мөскөөгө көчүрүп келгенин айткан. Бирок, бир нече убакыттан кийин, Нигора уулу менен өз шаары Чымкентке кайтып келүүнү чечкен, жана кайрадан бий студиясындагы жумушуна киришкен. Рэпер абдан көп иштеп жатканын, ошондуктан мекенине чанда келип, сагынган уулун анда-санда көрүп жатканын айтып жүрөт. Жаш түгөйлөр баласын элге көрсөтпөгөнгө аракет кылышат, бирок интернет мейкиндигине тарап кеткен айрым сүрөттөрдөн Скриптониттин мураскору атактуу атасына эки тамчыдай окшош экенин көрсө болот.

Сыйлыктары жана номинациялары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Жылдын ачылышы» номинациясында «GQ жылдын адамы 2016» сыйлыгынын ээси.
  • «Вне формата» номинациясында «Music Box чыныгы сыйлыгы 2016» сыйлыгынын ээси.

Тиркемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. https://www.super.kg/kabar/news/250479/
  2. 2.0 2.1 Музыкалык клип Скриптонит - Что происходит (Prod By BSS Beats) YouTube сайтында
  3. 3.0 3.1 Музыкалык клип Скриптонит - 11 км YouTube сайтында
  4. 4.0 4.1 Музыкалык клип Скриптонит - No Hook #2 (Prod By Scriptonite) YouTube сайтында
  5. Музыкалык клип Скриптонит x Niman - PVL Is Back (Prod. By Scriptonite & Niman) YouTube сайтында
  6. Музыкалык клип Скриптонит (Scriptonite) Приглашение в г. Астана, клуб "Oscar"YouTube сайтында
  7. 7.0 7.1 Музыкалык клип Скриптонит - Batman (ПКД) YouTube сайтында
  8. 8.0 8.1 Музыкалык клип Скриптонит - VBVVCTND (Prod. By Scriptonite) YouTube сайтында
  9. Музыкалык клип Скриптонит - Твой YouTube сайтында
  10. ТО "Gazgolder". Скриптонит - Приглашение в Зеленый Театр 2014 (14 -июль (теке) 2014). Текшерилген күнү 20 -февраль (бирдин айы) 2018.
  11. Музыкалык клип Скриптонит - Стиль YouTube сайтында
  12. 12.0 12.1 Музыкальный клип Скриптонит - Притон YouTube сайтында
  13. Музыкалык клип Скриптонит / Тати - Приглашение на GazgolderLive YouTube сайтында
  14. Aidana Mamayeva. Айсултан Сеитов: «Хочу остаться в истории». Бродвей (12 -август (баш оона) 2016). Текшерилген күнү 7 -январь (үчтүн айы) 2018. Түп булактан архивделген күнү 7 -январь (үчтүн айы) 2018.
  15. 15.0 15.1 Музыкалык клип Скриптонит - Витамин YouTube сайтында
  16. Музыкалык клип T-Fest Х Скриптонит - Ламбада YouTube сайтында
  17. Айсана Ашим. 20-летний режиссер из Казахстана снимает клипы Ивану Дорну, Noize MC, Скриптониту и Басте. Кто он такой?. Meduza (5 -июнь (кулжа) 2017). Текшерилген күнү 7 -январь (үчтүн айы) 2018.
  18. 18.0 18.1 18.2 18.3 Музыкалык клип Скриптонит – Вечеринка / Jillzay ft. KolyaOlya – Бар - Две лесбухи YouTube сайтында
  19. Музыкалык клип Jillzay - Поднять и потратить (feat. Bro Upgrade, Скриптонит, 104) YouTube сайтында
  20. Музыкалык клип Райда - Ниа (ft. 104, Скриптонит) YouTube сайтында
  21. Музыкалык клип 104 x Truwer x Blud x Скриптонит - Нет выбора. OST: Конверт. (Lyric Video) YouTube сайтында
  22. Музыкалык клип PR'OXY ft. Scriptonite - Для Моих Людей (Promo Only) YouTube сайтында
  23. Музыкалык клип Баста / Смоки Мо - Миллионер из трущоб (ft. Скриптонит) YouTube сайтында
  24. Музыкалык клип Баста / Смоки Мо - Лёд (ft. Скриптонит) YouTube сайтында
  25. Музыкалык клип Charusha - Сансара (при уч. Скриптонит) YouTube сайтында
  26. Музыкалык клип Баста - Сансара (при уч. Д.Арбенина, A.Ф.Скляр, С.Бобунец, SunSay, Ант (25/17) и Скриптонит) YouTube сайтында
  27. ТО "Gazgolder". Баста - Сансара (при уч. Д.Арбенина, A.Ф.Скляр, С.Бобунец, SunSay, Ант (25/17) и Скриптонит) (10 Апрель 2017). Текшерилген күнү 20 -февраль (бирдин айы) 2018.
  28. ТО "Gazgolder". Скриптонит - Приглашение в Зеленый Театр 2014 (14 -июль (теке) 2014). Текшерилген күнү 20 -февраль (бирдин айы) 2018.