Смаилова, Какен

Википедия дан

Смаилова Какен (1937-ж. т., Кемин району, Ново-Михайловка айылы) — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы (1992), СССРдин элдик врачы.
1957-ж. Бишкек медицина окуу жайын, 1963-ж. КММИни бүткөн.
1963-жылдан Нарын облустук ооруканасында бөлүм башчы, облустук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башкы акушер-гинекологу болуп иштеген.
СССР Жогорку Советинин депутаты (1990—92). СССР саламаттык сактоо отличниги. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.