Мазмунга өтүү

Смирнов Алексей Семёнович

Википедия — ачык энциклопедия

Смирнов Алексей Семёнович (25. 1(7. 2). 1917-ж. т., азыркы Калинин обл., Рамешки району, Пальцево кыш.) -эки жолу Советтик Союз. Баатыры (1943, 1945), полковник (1952).

  • 1941-жылдан КПСС мүчөсү.
  • Учкучтардын аскер авиация мектебин (1938) жана Липецкидеги Жогорку офицердик учуу-тактикалык курсун (1947) бүткөн.
  • Улуу Ата Мекендик согушта (1941-45) звено командиринен гвард. авиация полку нун эскадрилья командирлигине чейин жеткен.
  • Ленинград, Волхов, Воронеж, Түндүк-Батыш, Калинин, 1-, 2- Прибалтика, 3-Белорус фронтторунда 457 согуштук учуш жасап, душмандын 34 самолётун атып түшүргөн.
  • Согуштан кийин ААКта иштеп, 1954- жылдан саламаттыгына байланыштуу запаста.
  • Эки Ленин ордени, 5 Кызыл Туу, 1-дараж. Ата Мекендик Согуш, Александр Невский, Кызыл Жылдыз ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Рамешки районунун борборунда Смирновдун бюсту тургузулган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.