Смуул Юхан

Википедия дан
Файл:J Smuul monument.jpg

Смуул Юхан (18. 2. 1922, Муху аймагындагы Когува кыш.- 13. 4. 1971, Таллин) - эстон совет жазуучусу, Эстон ССР эл жазуучусу (1965).

  • 1951-жылдан КПСС мүчөсү.
  • Ырлары 40-жылдардан жарыялана баштаган.
  • «Ярвесуулук жигиттер бригадасы» (1948), «Алма гүлдөсө» (1951) ыр жыйнактарында жаш муундардын күрдөөлдүү эмгегин сүрөттөгөн.
  • 1951-ж. орусчага которулган «Барлар. Поэмалар» жыйнагы үчүн СССР мамлекеттик сыйлыгын алган (1952).
  • «Мен - комсомол» поэмасы (1953) Улуу Ата Мекендик согуш жөнүндө. Смуул Юхандун таанымал чыгармасы - «Муз китеп» роман-очерки (1958; Лениндик сыйл., 1961). «Атлантика океаны» (1956), «Леа» (1959) ж. б. пьесаларында адамдык асыл сапаттарды даңазаласа, «Полковниктин жесири же Врачтар эч нерсе билишпейт» (1966), «Пингвиндердин турмушу» (1969) пьесаларында учурдагы саясий, идеол.филос. маселелерди козгойт.
  • Смуул - 1953-71-ж. Эстон ССР жаз. союзунун башкармасына председатель, 1954-71-ж. СССР жаз. союзунун башкармасына секретарь болгон.
  • СССР Жогорку Советине (5-6-шайл.) депутат.
  • Ленин ордени, башка 2 орден менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.