Соболев Леонид Сергеевич

Википедия дан

Соболев Леонид Сергеевич (9(21). 7. 1898, Иркутск - 17. 2. 1971. Москва) - орус совет жазуучусу, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1968).

Петербург деңиз окуу жайын бүткөн Чыгармалары 1926-жылдан жарыялана баштаган. Граждандык согуштун (1918-20) катышуучусу, Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде «Правда» газетасынын аскер кабарчысы. «Капиталдык ремонт» романында (1-т„ 1932, жаңы главалары - 1962) биринчи дүйнөлүк согуштун алдыңдагы орус падыша флотунун ыдырашы, матростор менен офицерлердин тадеялык-саясий такшалуусу көрсөтүлгөн. «Дени жаңдуу» аңгемелер жыйнагы (1942; СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1943), «Жашыл нур» (1954, кыргызчасы - 1959) повестин ж. б. чыгармаларында матростордун тынчтык мезгилиндеги турмушун, Улуу Ата Мекендик согуштагы эрдигин баяндаган. М. Ауэзов менен «Абай» (1941) трагедиясын жазышкан Соболев - көп адабий, коомдук-саясий темалар макаланын автору. Анын чыгармалары дүйнө элинин тилдерине которулган. РСФСР жазуучулар союзунун уюштуруу комитетинин (кийин башкармасынын) төрагасы (1957-70), СССР Жогорку Советине (5-8-шайл.) депутат.

Үч Ленин ордени, башка 4 орден жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Журналистика энциклопедиясы. 1-том. Түз., А.А. Джапанов –Б., 2016. – 360б. ISBN 978-9967-19-414-4